Биздин өлкөбүз курултай менен өнүгөт


Кыргызстандын мурунку төрт президенти капиталисттик социализмди курган, бешинчи президент Садыр Жапаров социалисттик капитализмди куруп жатат. Бул XXI кылымдын саясатындагы жаңы гибриддик саясый-экономикалык формация, ноу-хау.
Адамзат цивилизациясы эл арасындагы интеллигенцияны жарандар менен алардын башкаруучуларынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн ар кандай жолдорун издөөгө түрткөн көптөгөн тарыхый мисалдарды билет. Мисалы, Байыркы Афинадагы улуттук жыйын – экклезия (кыргызча курултай) алсак, 20 жашка чыккан баардык жарандардын чогулушу болгон. Ал дээрлик мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийликтерин карамагына алган эмеспи. Чечүүчү чиновниктерди шайлап, атүгүл сот иштерин караган. Аткаруу ишин көзөмөлдөөгө жетишкен. Тез арада чечим кабыл алууну талап кылган өзгөчө учурларда айлана-чөйрөдөгү айыл тургундары саясаттын жарандары менен бирге чукул жыйынга чакырылганы белгилүү.
Орто кылымдагы ойчул Томмазо Кампанелла “Күн шаары” деген китебинде карапайым элдин кыял-тилектерин, ошондой эле жарандардын мамлекеттик башкарууга катышуусун сүрөттөгөн.
Француз революциясы король Людовик XVIнын бийлигин токтотуп, мыйзам чыгаруу жыйынын түзүп, республиканын Конституциясынын долбоорун иштеп чыгуу үчүн Улуттук конвенцияны чакырган (кыргызча курултай). Ага шайлоого 21 жаштан жогорку баардык эркектер (кызматчылардан башкасы) катышканын билебиз. Ошентип, Улуттук конвенция дээрлик жалпы шайлоо укугунун негизинде түзүлгөн Франциянын биринчи курултайы болуп калды.
Наполеон I Бонапарт революцияны кызуу колдоп, андан бир нече жыл өткөндөн кийин мамлекеттик төңкөрүш жасап, Франциянын тарыхындагы эң катаал диктатордук режимди орнотуп, элдин жетишкендигин толугу менен көмгөн. Бирок өлөр алдында Ыйык Елена аралында өзүнүн түрмөсү үчүн атайын оңдоп-түзөөдөн өткөн аткана сарайда каза болуп жатып, ал керээз калтырган: «Мен келечектеги диктаторлорго өзүмдүн уятымды жана өмүрүмдүн акыркы күндөрүндөгү шермендечиликти калтырам!» деп.
СССРдин тушунда чыныгы социализмди куруу аракети жаралып, анда эл депутаттарынын Жогорку Советтери иштеген, анын мүчөлөрү калктын баардык катмарынын өкүлдөрү болгон, бирок бул системаны Горбачев башында турган компетентсиз саясатчылар ийгиликтүү талкалашкан.
Коом менен мамлекеттин ортосундагы мамилени жакшыртуу боюнча көптөгөн идеялар көбүнчө эл ичиндеги ышкыбоздордон чыккан жана ушул идеялардын негизинде мамлекеттүүлүктүн принциптери курулган.
Курултай институту да элдик акылмандыктын пайдубалынан келип чыгууда. Мындай институт бийлик менен элдин ортосундагы эң адилет, тең салмактуу мамиленин вариантын билдирет. Өткөнгө көз чаптырсак, чыныгы демократия Байыркы Афинада, ошондой эле кыргыздардын көчмөн урууларында пайда болгон, кийинки кезде олигархия жана бийликте тургандар демократиялык эркиндиктерге, укуктарга жамынып, негизинен өздөрүнө жакын кызыкчылыктарды көздөшөт.
Цивилизация туюкка жакындап, өзөктүк согуштун босогосунда турган XXI кылымда курултай институту адамзатты башкаруунун эң ыңгайлуу формасына алып барышы мүмкүн.
Акыркы отуз жылда Кыргызстан социализмди да, капитализмди да сынап көргөн тарыхый лабораторияга айланды. Бирок даанышман элибиз учурда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башатын изилдеп жатып, жарандардын мамлекеттик башкарууга катышуусунун бирден-бир чыныгы формасы катары курултай институту чукул арада зарыл (!) деген жыйынтыкка келген.
Мунун сыры кымбат үгүт иштерин жүргүзүүгө муктаж болбогон катардагы жарандык активисттер крултайга делегат болуп шайланганында. Аларда депутаттар сыяктуу жеке артыкчылыктары жана жеңилдиктери жок, олигархиянын эмес, элдин өкүлдөрү. Маселен, биздин эки чакырылыштагы курултайда басымдуу көпчүлүк карапайым жумушчулар менен пенсионерлердин өкүлдөрү болгон. Өткөн эки курултайда чындап эле элди түйшөлткөн көйгөйлөр көтөрүлүп, анда өлкө президенти Садыр Жапаров аткарылган иштер боюнча отчет берди. Анткени, курултайдын максаты мына ушул – бийлик бутактарынын баары эл өкүлдөрүнө отчёт берүүсү. Бул – бийликти тартипке салып, таза жана ачык иштөөгө түрткү берет.
Былтыр курултайдагы эл өкүлдөрүнүн санын 1200дөн 700гө чейин кыскартылган. Мындан ары да кыскартыла бериши, убакыттын өтүшү менен ал коррупциялашкан органга айланып кетиши мүмкүн. Ошондуктан курултайды кыскартпай, кеңейтүү керек. Мен республикадагы 40 райондун ар биринен 50 өкүл шайланышы керек деп эсептейм. Курултайда эл менен бийликтин ортосундагы пайдалуу өз ара түшүнүүнүн таасири күчөйт.
Бакыт Бакетаев, саясат талдоочу
"Азия Ньюс" гезити











