Эльдар Сулайманов, ЖК депутаты: “Скутер, моторлуу кайык атайын зоналарда гана болууга тийиш”

-- Эльдар мырза, мына туристтик сезон жакындап келатат. Тилекке каршы, жайкы эс алуу учурунда коопсуздук эрежелери сакталбаганынан улам айрым кырсыктар да коштолот эмеспи. Эми ошондой кейиштүү окуялар кайра кайталанбашы, дагы болбошу үчүн кандай чараларды көрүү керек деп ойлойсуз?
-- Бул маселе жыл сайын чоң көйгөй жаратат. Биринчиден, дайыма эле коопсуздук эрежелери сакталбайт. Анын кесепетинен скутердин астында калып, же кайык сүзүп кетип, жаракат алгандар бар. Ошондуктан, биз муну бир иретке салышыбыз керек. Мисалы, өнүккөн өлкөлөрдө атайын зоналарды уюштуруп коюшкан. Ал жерде яхтасы да, кайыгы, скутери да бар. Каалагандар барып эс алышат. Бизде да ошондой өзүнчө зоналарды уюштуруу зарыл. Бул үчүн шарт бар. Каалагандар Чолпон-Атадагы яхта клубуна барып, тебе беришсе болот. Натыйжада, биринчиден, мотордун үнү эртеден кечке эс алуучулардын тынчын албайт, абаны, сууну булгабайт. Эң башкысы, эс алуучулар үчүн коопсуз болот.
-- Анда скутер, моторлуу кайык дегендер баардык эле пансионатта болбошу керек турбайбы?
-- Туура. Атайын зоналарды уюштуруп, ошол жерде гана болууга тийиш. Чолпон-Атадагы яхта клуб деген себебим, ал жакта эч ким сууга түшпөгөн ээн жерлер бар. Ошол жерде каалаганча мине беришсин.
-- Жакшы сунуш экен. Муну ким уюштурушу керек деп ойлойсуз?
-- Транспорт министрлиги.