Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сталин заманынан бери Кремлде сый тамактар кандай берилчү?

Сталин заманынан бери Кремлде сый тамактар кандай берилчү?

30-декабрь, 12:02
827 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

1934-жылы 25-июнда “Челюскин” кемесинин арктикалык экспедициясы бүткөндүгүнө байланыштуу Кремлде чоң салтанат өткөн. Дагы эки-үч жылдан кийин Кремлде сый тамактарды өткөрүү дайыма болчу салтка айланды. 

1928-жылы саясый бюронун чечими менен салтанаттарды жана банкеттерди БКнын чечимисиз өткөрүүгө тыюу салынганына карабастан, 1932-жылдын октябрынан 1941-жылдын майына чейин 70 ар түрдүү ишкердик, майрамдык сый тамактар өткөрүлгөн. Сый тамактарга адатта учкучтар, окумуштуулар, аскер адамдары, алдыңкы колхозчулар, ырчылар, актёрлор, жазуучулар чакырылчу. Адатта мурутуна муз тоңуп, сүрдүү жүрчү Сталин мындай учурларда күлүп-жайнап, тамашакөй адамга айланчу. Бир жолу Абрикосов аттуу артист “жолдош Сталиндин ден соолугу үчүн” дейт да фужер толтура аракты ичип ийет. “Өзүңдүн ден соолугуңду ойлосоңчу” дейт Сталин ошол замат. Бирок, жолбашчы эч качан биринчи болуп сөз сүйлөп, же тамаданын функциясын аткарчу эмес. Бул ишти көбүнчө Ворошилов же Молотов жасачу. 

Ушундай сый тамактардын бирине катышып калган СССРдин Англиядагы элчиси Майский бир кызык окуяны эскерет. Англиянын Москвадагы элчиси Иден экзотикалык калемпир кошулган аракты татып көрмөкчү болгондо, Сталин ага өз колу менен бокалга толтура кылып куюп берет. Англичанин аракты бир ууртайт да көздөрү чакчайып, бети анардай кызарып, бир топтон кийин гана өзүнө келет.  

Хрущевдун тушунда Кремлдеги салтанаттуу сый тамактардын саны болуп көрбөгөндөй көбөйгөн. Жогорку түшүм жыйналса да, өндүрүштө рекорд жаралып, космонавттар космоско учуп, чет элдик лидерлер конокко келсе да сөзсүз шаан-шөкөт уюштурулчу. Банкеттердин көбү Кремлдеги сьезддер сарайында өтө турган. Никита Сергеевич ойдо жок жерден эле банкет уюштуруп, же мурдатан пландаштырылган салтанаттарга жаңы конокторду чакырып ийчү. Тамакка фаршталган жаш торопой, духовкага бышырылган осетр балыгы, ал эми  ичкиликке болсо шампан, вино, коньяк, “столичный” арагы, украиндердин “горилкасы” берилчү. Хрущев өзү аракты өкүртө иччү. Бирок, өтө эле мас болуп, чаң-тополоң салчу эмес. 

Брежневдин тушунда чоң банкеттердин баарына патриарх Пимен катышчу. Жашы улгайып калганына карабастан, аракты башкалар менен тең ичээр эле. Бирок, кызыгы, ал офицанттарды жанына жолотчу эмес. Аны артындагы монах аял тейлеп отурчу. Хрущевдун учурунда шаан-шөкөт 4-5 саатка созулса, Бражневдин тушунда бир жарым-эки саатка созулчу. 

1970-жылдардын этегинде Брежневдин ден соолугу начарлап, Леонид Ильич да, саясый бюронун колу-башы калтыраган башка картаң мүчөлөрү да ичкиликти жакшы көтөрө албай калышат. Ошондуктан, аларга спирттик ичимдиктин ордуна лимон кошулган чычырканактын кыпкызыл ширесин бере башташат. Карыялар шире куюлган бокалды шыңгытып атканын көргөн коноктор “буларың коньякты суудай эле ичишет го, чиркин” деп жакаларын кармашчу. 

 Алкоголго каршы аёосуз согуш жарыялаган Михаил Горбачев ичкиликти ууртап-татып, “аппетит үчүн” гана бир аз арак, же коньяк ичип койчу. Расмий аземдерде болсо грузин виносун, же крым мадерасын иччү. Горбачев бийликте турган жылдары тамакты мурдагыдай ысырап кылбай, дасторконго осетр балыктары, кыргоол, кекилик эти коюлбай калды. Торопойду да мурдагыдай бүтүн бербей, майдалап, порция түрүндө бере башташты. 

Ельцин тамак тандачу эмес. Бирок, аны менен банкетке катышкандардын, өзгөчө ичимдик ичпегендердин шору шорподой кайначу. Борис Николаевич узакка созулган, мааниси жок маңыз тостторду сүйлөп, анан өзү тостун алып ийген соң “ким ичти, ким ичпей койду” деп коноктордун ар бирин көзөмөлдөп турчу. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер