Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Адылбек Касымалиев баардык бийликтин тилин тапкан кадр”

“Адылбек Касымалиев баардык бийликтин тилин тапкан кадр”

12-май, 23:38
545 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Өкмөт башчы өз милдетин жетиштүү деңгээлде аткарып жатабы?

Бейшенбек Абдразаков, экс-депутат:

-- Өкмөт башчы колунан келишинче иштеп, көп иш-чараларды өткөрүп, чет элдиктер менен да байланышты бекемдеп жатат. Өзүнө тийиштүү иштердин баарын аткарууда.

Турат Мадылбеков, экс-депутат:

-- Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касмалиевди Акылбек Жапаров дайыма жанында алып жүргөн. Ошон үчүн анын командасында иштеген десек да болот. Адылбек Касмалиев жакшы аткаруучу. Айтканын жасаган чиновник. Бирок, өкмөт башчы болуп келгени пассивдүүлүгү байкала баштады. Эмнегедир президент Садыр Нургожоевич менен Камчыбек Кыдыршаевичтей дүкүлдөп иштей албай атат. Алардын фонунда караганда өкмөт башчы көрүнбөй калууда.

Чынында бир канча министрликке жетекчилик кылган, даражасы бийик кызматты аркалап келди. Кабинетинде эле иштей бербей, пресс-конференцияларды берип, коомчулукка көрүнүп турушу керек. Эмнегедир ушул жагынан аксап жаткандай...

Негизи Адылбек Касмалиев профессионал адис. Баардык бийлик менен тил табышкан, жогорку кызматтарда иштеген. Премьер-министр болгондон кийин энергиясы ашып-ташыган жумуштарды жүргүзүшү керек. Тагыраагы, мыктылыгын практика жүзүндө да көрсөтүп, облустарды кыдырып, көп маселени жеке көзөмөлүнө алса жарашмак.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер