Карамат Орозова, экс-депутат: “Алмамбет Шыкмаматов абдан билимдүү, тажрыйбалуу жетекчи”
-- Карамат эже, эмнегедир Кыргызстандан саясатчылар, бизнесмендер чыгып кетишүүдө. Бул жагдай келечекке терс таасирин тийгизип койбойбу?
-- Абдан туура, көйгөйлүү суроо бердиң. Өлкөбүздүн өнүгүүсүнө билимдүү, тажрыйбалуу кадрлар, күчтүү саясатчылар абдан керек. "Бириксек колдон келет" дегендей, баардык тажрыйбалуу, күчтүү саясатчылар бир муштумдай биригип, тил табышса, мамлекет үчүн пайдалуу болот эле. Бюджетти негизинен бизнесмендер толтурушат, шаарды да бизнесмендер курушат... Өнүккөн өлкөлөрдө чоң кирешелер завод-фабрикалардан, соода-сатык борборлорунан жана салык төлөгөн ишканалардан түшөт. Бизнесмендер шаардын көркүн ачкан курулуштар менен көрктөндүрүшөт, бюджетти толтурушат. Ушул жагдайды эске алганда, күчтүү саясатчылардын, бизнесмендердин өлкөдөн чыгып кетиши мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсүнө кандайдыр бир терс таасирин тийгизет.
-- Алмамбет Шыкмаматов салык кызматынын башчысы болуптур. Эми ал коррупциялык схемаларга каршы күрөшө алабы?
-- Алмамбет Шыкмаматов абдан билимдүү, тажрыйбалуу, күчтүү саясатчы. Иштин көзүн билген, талапты катуу койгон жетекчи. Менимче, мыйзамсыз иштерди токтото алат. Ошондой ишеним болгону үчүн жооптуу кызматка даярдашты да. Эми салык кызматындагы ириген кадрларды тазалашы керек.
"Азия Ньюс" гезити