Кышкы тумоодон сактачу азыктарды өңүнө карап тандаса болобу?
Врач иммунитетти көтөрүү үчүн ар кандай өңдөгү жашылча-жемишти сунуштаган. Жашылчалардын өңү да курамындагы витаминдерге жараша болот.
Врач Алена Глушакова РИА Новостиге кайсы азыктар кыш мезгилинде иммунитетти көтөрөрүн айтып берген. Анын билдиргенине караганда, жашылча-жемиштин өңү-түсү курамында организм үчүн кандай пайдалуу заттар бар экендигинен кабар берет.
"Мисалы, кызыл өң – антиоксиданттын ролун аткаруучу ликопиндин көптүгүн билдирет. Башкача айтканда, ал организмде оорунун сезгенүүсүнүн алдын алат. Ликопин дарбызда, помидордо, клюквада, кызыл грейпфрутта, кызылчада жана чамгырда бар" деди Глушакова.
Кызыл сары түс – А жана С витаминдерине таандык. Сабиз, апельсин, манго, кызгылт сары калемпир жана абрикос бул витаминдерге бай. Ал эми сары өңдүү помидор, болгар калемпири, лимон жана ананаста А жана В витаминдери көп.
Жашылчалардын ичинен жашыл түстүү брокколи, авокадо, алма, бадыраң жана кивинин курамында лютеин, темир, кальций, фолий кычкылы бар.
"Көк, сыя көк түстөгү жашылча-жемиште организмдин айлана-чөйрөнүн терс таасирине туруктуулугун жогорулатуучу, кан тамырларды бекемдечүү, эмоционалдык толкунданууну азайтып, уйкуну, маанайды жана эс тутумду жакшырта турган полифенолдор менен биофлавоноиддер кездешет. Булар карагаттын, сыя көк капустанын, инжирдин жана кызыл пияздын курамынан табылат" деди врач.
Ошентсе да адис иммунитетти витаминдерге бай, туура, тең салмактуу тамактануу эле эмес, жумуштун жана эс алуунун режими, дени сак жашоо образы да бекемдей турганын кошумчалады.