Чынара Эсенгул кызы, эксперт: “Өлкөбүз АКШга көз каранды эмес болгондуктан, олуттуу кыйынчылык жаралбайт”


-- АКШнын президенти Дональд Трамп Россия менен кызматташкан өлкөлөргө санкция салууга макулдугун билдирди. Бул кадам Кыргызстанга кандайдыр бир деңгээлде таасир этиши мүмкүнбү?
-- Албетте, бул мыйзам Трамптын ички саясый максаттарына көбүрөөк багытталган. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө болгон мамилени да чагылдырат. Бирок бул туруктуу саясат эмес, көбүнчө убактылуу чараларды күчөтүү катары түшүнгөн оң. Кыргызстан азырынча анын түздөн-түз таасирин сезе элек. Анткени ал мыйзамдын эң биринчи максаты – АКШдагы мыйзамсыз миграциянын агымын токтотуу. Бул алардын ички коопсуздугу үчүн кабыл алынган чечим.
-- Демек, Кыргызстанга түздөн-түз сокку болбойт да?
-- Ооба, түз таасири өтө чоң болбойт. Трамп администрациясынын бул кадамы жалпы дүйнө өлкөлөрүнө карата жүргүзгөн кеңири саясатынын бир бөлүгү гана. Эгер мыйзам толугу менен күчүнө кирсе, АКШ менен кызматташкан айрым өлкөлөргө, алтургай Россия менен болгон мамилелерге да белгилүү бир деңгээлде таасир этиши мүмкүн деген божомолдор бар. Бирок Кыргызстан экономикасы АКШга көз каранды эмес болгондуктан, олуттуу кыйынчылык жаралбайт.
-- Инвестиция тармагында кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн? Америкалык тараптын кызыкчылыгы өзгөрүшү ыктымалбы?
-- Болушу мүмкүн. Америка ар дайым өзүнүн улуттук кызыкчылыгына жараша инвестициялык шарттарды, мыйзамдык механизмдерди карап чыгат. Эгер бул мыйзам иштей баштаса, АКШ айрым өлкөлөр менен иштешүүдө жаңы талаптарды коёт. Бирок Кыргызстан үчүн анын таасири өтө чоң болбойт. Анткени биздин экономика мунай же газ сыяктуу АКШны кызыктыра турган ири ресурстарга бай эмес. Казакстан же Өзбекстан менен салыштыруу да туура болбойт, бизде алардыкындай потенциал жок.
-- Бирок саясый же геосаясый жагынан кандай өзгөрүүлөрдү күтсөк болот?
-- Мына ушул жактан алганда, дүйнөдөгү тенденциялар абдан маанилүү. АКШ өзүнүн геосаясый позициясын чыңдоого аракет кылып жатат. Бул регионалдык саясатка да кыйыр таасир тийгизет. Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан да дүйнөлүк күчтөрдүн ортосундагы мамилелерден көз каранды эмес, сөзсүз түрдө кайсы бир деңгээлде таасир этилет. Бирок бул түз коркунуч же түз саясаттык басым катары эмес, глобалдык процесстердин фонунда сезилет.
"Азия Ньюс" гезити











