Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмне үчүн президентке каршы реалдуу оппозиция активдүү эмес?

Эмне үчүн президентке каршы реалдуу оппозиция активдүү эмес?

07-октябрь, 10:48
417 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бул суроо көптөрдү ойлондурат. Эмне үчүн оппозициялык күчтөр бошоң болушуп, президент Жээнбековго каршылык көрсөтүүдөн сактанышууда. Себептери бар. Биринчиден, Сооронбай Шарипович мамлекетти башкарууда чоң саясый ката кетирген жок. (Өкмөткө карата сындарды эске албаганда). Экинчиден, саясый күчтөр да амалдуу болуп алышкан, азырынча президентке каршы чыгуудан майнап чыкпасын түшүнүшүп, баары парламенттик шайлоого аттанууга кызыкдар. Ошон үчүн бийлик менен урушкусу келбейт. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү болобу, Жогорку Кеңештеги саткынчыларбы, бейөкмөтчүлөрбү, көчө оппозициясыбы, айтор, кайсы жээги болбосун, “соодалашуудан” үмүттөрүн үзүшө элек. Адатта, мамлекеттик деңгээлдеги чыр-чатактар шайлоолордон кийин чыгат эмеспи. Бул жагынан тышкы күчтөр да кайдыгер болушпаса керек. Ошентип, 2020-жылдын күзүндө гана Жогорку Кеңешке илинбей калгандар аргасыздан жанданышып, биригүүгө барышары жашыруун эмес. Жыл өткөн сайын Сооронбай Жээнбековдун мөөнөтү да азая баштайт. Мындайда душмандар четтен чыга турганын тарыхыбыз көрсөтүп эле келатпайбы. Ошон үчүн саткынчылардан арылып, туруктуу команданы түзүү зарыл.


"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер