Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Борбор Азия менен Ыраакы Чыгыштагы окшоштуктар

Борбор Азия менен Ыраакы Чыгыштагы окшоштуктар

29-май, 14:18
1 015 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Баткен согушу аяктап, же аяктагансып, борбор болсо саясый баткактан чыгалбай, ал ортодо унутулган Баткен кымгуут тагдыры менен жалгыз калды. Согуштун илеби суудубу? Баам салган кишиге Фергана өрөөнү быкшып, кыргызажик согушу от алайын деп турат. Тажикстан менен чектешкен бүт аймактарыбыз тикен үстүндө калды. Бул тагдырды, албетте, өзүбүз тандап алган жокпуз. Бүгүнкү шарттар, региондогу жакырчылык, коңшулар арасындагы чек ара чыры сыяктуу факторлор регионду күн сайын жаңжалга түртүп жатат. Ошондон болсо керек, дүйнө кожоюндарынын көзүн кызартып, шилекейин агызган аймакка айландык. Андыктан, коркунуч да ошончолук муунтууда.

Дүйнөлүк державалардын көзгө басар төрт бизнеси бар. Алар курал-жарактарын сатуу үчүн согуш чыгарышат. Конфликт болгон аймактарга дары-дармек жана адам органын пулдашат. Мисалы, адамдын бир бөйрөгү Сирия, Ирак сыяктуу аймактарда 30 миңден 80 миң долларга көтөрүлдү. Эң эле гумандуу көрүнгөнү өздөрү талкалаган аймактарды кайра куруу пропагандасы. Курулуш компанияларына иш, каражат, арзан адам ресурстарын сунуу. 

Мен Фергана маселесин эки өңүттө карайм. Албетте, державалардын дүрбүсүндө көрүнгөн Баткен мындан ары дайыма түтөй берет. Эл аралык саясат же Чыгыш өлкөлөрүндөгү бир тилди сүйлөп, бир динди тутунган, кандаш өлкөлөрдүн абалы белгилүү. Өткөн кылымда баштаган нефтебарондордун жаңжалы араб аймагын толук талкалап, миллиондон ашык адамдын мүрзөсүн пайда кылды. Жыйынтыгында, Ыраакы Чыгыштын нефтиси ташылып, эзели бирикпес коом жаратылды. Европалыктардын “бөл, бырчала, жут!” саясаты үзүрүн берди.1915-жылдарда Осмон империясы талкаланды. 1920-жылдардан баштап, жасалма араб лидерлерлеринин өз ара жаңжалы, 1935-жылдан баштап Палестина аймагына еврей улутун Европадан көчүрүү, 1945-жылы Израилди куруу, 1960-80-жылдар арасында Сириядагы Хафыз Есаддын кордугу, 1985-жылдагы мусулман бир туугандар партиясынын курулушу, анын артынан эле Түркия-Сирия чегинде күрд козголоңчуларынын түзүлүшү жана террордук актылары. 1990-жылдан бери Кувейт, Иран-Ирак согушу, Түркиядагы төңкөрүштөр жана жарандык кагылышуулар уланып, 2010-жылы Ыраакы Чыгыштын айыккыс жарасын тырмаган дагы бир оору пайда болду, бул – ИГИЛ. Бул тарых түрмөгүнөн алынган 20-жүз жылдагы акыйкат. Державалардын бир кылымдан берки саясаты. Окшоштуктар оголе көп. 

Ушул тарыхый окуялар сабак болбосо, Борбор Азия өлкөлөрү ансыз да жок эгемендүүлүгүнөн биротоло кол жууйт. Фергана өрөөнү державалардын күч сынашкан полигонуна айланып баратканда, жылаңач отурган биздей элдер шүк гана отуруп берет. Өткөнкү Баткен жаңжалы муну ырастады. Айтарга арманым көп, угарга адамым жок дегендей, Түрк кеңеши да, ОДКБ да көз жашыбызды аарчыбайт. Буга бир нече факторлор бар. Албетте, мамлекеттик тирешүүлөрдө дипломатиялык аракеттер зарыл деңизчи, бирок куралданган аскери артында турган күчтүү мамлекеттер үчүн дипломатия дегениң керексиз аракет! Күчүң болсо, талкалайсың. Сага кайсы дүйнө коомчулугу кыңк демек эле?..


(Уландысы кийинки санда)

Манас Осмон 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер