Венера Акматова, профессор: “Кытайдын борбору Пекиндин тажрыйбасы аркылуу таза шаарга айланууга негиздер бар»

-- Бишкек дүйнөдөгү эң кир шаарлардын катарын толуктады. Эмнеге жылда кышында ыштын зыяндуулугу, анын кесепеттери тууралуу айтылат да, ал көйгөй жыл сайын кайталана берет?
-- Бишкекти каптаган ыш ден соолукка абдан зыяндуу. Тамак, өпкө, аллергия ооруларын күчөтүп, ыштын курамындагы оор заттар башка да коркунучтуу дарттарга себепкер болот. Анын күчөшү кыш мезгилинде катуу байкалып, эл-журт ызы-чуу болгону менен жаз келсе кайра эле унутулуп калып атканына 3-4 жылга аяк басты. Ыш, түтүндү азайтуу «иттин доолдай тиктирем» дегениндей эле кейипте. Бул калктын ден соолугуна залал келтирген оор маселени кечиктирбей чечүүнүн ыкмалары, ар кандай жолдору толтура, болгону батыл чечим, ыкчам аракеттерди талап кылат. Ыштан кутулуунун тажрыйбаларын башка өлкөлөрдөн деле карап көрсөк болот, Кытайдын борбору Пекин бир аз жылдар мурда дүйнөдөгү абасы кир шаарларга кирер эле, азыр ал маселени толугу менен чечишкен. Шаарда жайгашкан ири ишканалардын баардыгын атайын өнөр жайлуу аймактарга көчүрүп, эски каталитазорлору түтүндү чыпкалай албай калган жеңил машиналарды шаарга киргизбейт, анан эң башкысы, өсүмдүктүн түрүн отургузуу күчөтүлгөн. Ар бир үй сөзсүз багы, гүлзарлары менен курулат. Пекиндин ичинде аябагандай чоң жерди ээлеген сейил бактар толтура. Ушул өндүү чараларды көрүүгө эмнеге болбосун? Мындан тышкары, Бишкектин айланасындагы жаңы конуштарды газдаштырууну тездетип, мамлекет жеңилдетилген насыяларды берип, элди түртмөлөсө, ыштын көлөмү азаймак. Айрыкча кыш мезгилинде өндүрүш таштандыларын отко жагууга катуу тыюу салуу керек. Анан да жөн эле айта бербей, ыштан кантип арылуунун жолдорун экологдорго изилдетип, алардын сунуштарын колдонуу максатка ылайык.
-- Дагы кандай негиздүү сунуштарды айтат элеңиз?
-- Азыр деле илимий долбоорлорго акча бөлүнөт. «Пайдасы кана?» деген суроого жооп жок. Өкмөт кайсы бир тармак боюнча олуттуу чечим же мыйзам кабыл аларда, реформа жасардан мурда, ЖОЖдорго заказ берсе, мамлекеттин илим изилдөөгө бөлгөн акчасы максаттуу жумшалмак. Мисалы, «Бишкек шаарынын элинин саны жакынкы убакта канчага жетет? Ал элге канча таза суу керек? Жыл сайын ыш, түтүн деп ызылдай бербей, аба таза кармалып туруш үчүн канча түп дарак отургузуш керек?» деп эле изилдеш керек. Бул жерде самолет же электромобиль ойлоп таап кереги жок. Өзүбүздүн элди, жерди, ташты, топуракты, абаны, чөптү ж.б. эле изилдеп, ошого жараша алдыга пландарды түзүп, долбоорлош керек.
-- Эмнеге ыш маселеси менен күрөшө турган жетекчилердин иши менен айткан сөзү дал келбейт?
-- Азыр физика, химия, биология, география ж.б. илимий институттардын, канча бир илимдин доктор, кандидаттарынын илимий изилдөө иштеринин корутундулары колдонулуп атабы? Эгер колдонулбаса, анда илимий ресурстарыбыз талаага чачылып, же мамлекет жөнгө сала албай, илимий долбоорлорго бөлүнгөн акчалар кумга сиӊип кете берет. Бүгүнкү оомал-төкмөл дүйнөдө илимий изилдөөгө таянбай жасалган иш – көздү таӊып алып кылыч менен чабышкандай, же жылаӊач кол менен карабай туруп чок кармагандай эле. Саясат, экономика, билим берүү ж.б. «кеӊешип кескен бармак оорубай» турганын эске алып, «жети өлчөп бир кесиш керек».
"Азия Ньюс" гезити