Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавирустан каза болгондор 2 миллионго жетиши мүмкүн

Коронавирустан каза болгондор 2 миллионго жетиши мүмкүн

29-сентябрь, 12:33
661 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун ден соолукка байланыштуу программасынын директору Майкл Райан коронавирустун өлүмү боюнча статистикага шектенерин  билдирди.

Анын айтымында, вирустан каза болгондор боюнча расмий маалыматтар чыныгы көрсөткүчтөн төмөн. Коронавирус инфекциясынан ажал тапкандардын баары катталган эмес. ДССУнун өкүлү ошондой эле башка оорулар же кырсыктар коронавируска байланыштуу эмес экендигин белгиледи.

Буга чейин Райан коронавирустун курмандыктарынын саны дүйнө жүзү боюнча эки миллионго жетиши мүмкүн экенин, 9 айда 1 миллион адам коронавирус инфекциясынан каза болгонун айткан. Ал кошумчалагандай, вакцинаны иштеп чыгуу үчүн тогуз ай талап кылынат жана ушул убакыт аралыгында дагы бир миллион адам өлүшү мүмкүн.

Акыркы маалыматтар боюнча, коронавирустук инфекциялардын саны дүйнө жүзү боюнча 33,4 миллиондон ашып, 1 миллиондон ашуун адам каза болгон.

“Марал”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер