Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүйшөнбек Камчыбеков: “Мөңгүлөргө 1 миллиард 200 миллиондон ашык куб калдыктар төгүлгөн. Таза суудан ажырайбыз!”

Дүйшөнбек Камчыбеков: “Мөңгүлөргө 1 миллиард 200 миллиондон ашык куб калдыктар төгүлгөн. Таза суудан ажырайбыз!”

21-май, 09:34
783 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кумтөрдүн айланасындагы акыркы кырдаалдардын жыйынтыгы кандай болушу мүмкүн? 

-- Бүгүнкү күндө биринчи кезекте мөңгүлөр маселеси турат. Кумтөр долбоору башталгандан тартып мөңгүлөрдүн үстүнө 1 миллиард 200 миллиондон ашык куб калдыктар төгүлгөн. Алардын курамында оор элементтер бар. Анын кесепетинен мөңгүлөр таза суу катарында пайдалануу касиетинен ажырайт. Ошонун айынан биз тарап келтирилген зыяндарды төлөп берүү доосун коюп атпайбы. Эми сот процесстери кандай болот? Анын негизинде ким утуп чыгат? Айтуу өтө кыйын. Биздин өкмөт америкалык юридикалык компанияны жалдады. Эми сотту гана күтөлү.

-- Эки тараптын бири-бирине коюлган дооматтарынын жөндүүлөрү кайсылар?

-- Биз тараптан экологиялык көйгөйлөр боюнча коюлуп жаткан дооматтар жөндүү. Анда мөңгүлөрдүн жарактан чыгып калганы чын. Анткен менен тиги тарап “өзүңөр берген уруксат кагаздардын негизинде иш алып бардык” дешүүдө. Андыктан, бул иште кандай бурулуш болуп кетери белгисиз. 

-- Бул абалда Кыргызстан жеңип чыкса кандай болот?

-- Эгер соттон утуп чыксак, анда Кумтөрдү өзүбүз иштетип кеткенге мүмкүнчүлүктөр ачылат. Иштетип кетүүчү адистер да жетиштүү. Анда эки оор процесс бар. Бул тоо-кен жана алтынды бөлүп алуу иштери турат.

-- Тоо-кен адиси катары комиссиянын алпарган ишин кандай баалайсыз?

-- Мамлекеттик комиссия ишин жаңы баштап атканда биз дагы өз сунуштарыбызды кагаз жүзүндө бергенбиз. Анын ичиндеги бир пункт бүгүн көйгөйлүү болуп калды. Ал Кумтөрдөгү алтындын корун көзөмөлгө алып, иштетилгенин баланстан чыгарып туруу боюнча болчу. “Азыр баланста 45 эле тонна алтын бар” дешүүдө. Ал эми “Центерра” компаниясынын буга чейинки жүргүзгөн чалгындоо иштеринин негизинде, жалпысынан 2031-жылга чейин 175 миң тонна алтын өндүрүп сатсак болорун айтып атканбыз. Бирок, азыркы соттошуу процесстеринин кесепетинен бизге “Центерра” алтын кору тууралуу маалымат берүүдөн баш тартууда. Эгер биз соттон утуп калсак, анда чалгындоо иштерине кайрадан каражат жумшап, алтындын корун аныктоого туура келет. 

Эгер утулуп калсак, анда биз тарап канадалык компанияга компенсация төлөп берүүгө милдеттүү болуп калабыз. Анын суммасын “Центерра” чечет. Ошондуктан,  улутташтырууга умтулсак жакшы болмок. Анда азыркыдай ашыкча маселелер болмок эмес. Бизде экологиялык маселелер, адам өмүрүнө коркунуч жараткан көйгөйлөр бар болгондуктан, улутташтыруу да оңой жүрмөк. Анда аларга бир эле компенсация төлөп бермекпиз да, сот, андагы чыгымдар, белгисиздиктер сыяктуу маселелерден алыс болмокпуз.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер