Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Каныбек Осмоналиев: “Кээ бир кыргыздардын кул мүнөздүк позициялары күйгүздү”

Каныбек Осмоналиев: “Кээ бир кыргыздардын кул мүнөздүк позициялары күйгүздү”

02-январь, 19:30
784 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Каныбек агай, узап бараткан жыл кыргыз тили үчүн кандай жаңылыктарды ыроолоду?

-- 2023-жыл мен үчүн абдан зор окуяларга жык толду! Анткени, президенттин чоң ишеними менен өзүнө тикелей караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиясын жетектөөдөгү чечүүчү этабым башталды. Алдыбызда абдан олуттуу тапшырмалар турган болчу. Эң башкысы, президенттик башкарууну аныктаган жаңы Конституциянын 13-беренеси талап кылган Конституциялык макамдагы “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамды жазып, аны парламенттен өткөрүү вазийпасы менин алдымда турган эле! 

Бир аз тарыхка кайрылалы. Эсиңиздерде болсо, 1989-жылдын 23-сентябрында ошол кездеги Кыргыз ССРинин демилгеси менен “Кыргыз тили мамлекеттик тил болуп эсептелет” деген мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзамдын жазылышы СССРдин учурунда кайраттуулук менен батынып, элибиздин мүдөөсүн канааттандыра ала турган өтө маанилүү документ эле. Мыйзамды коргоодо ошол кездеги патриот депутаттар, акын-жазуучулар, маданият кызматкерлери болушту. Кыргыз адабиятынын патриархы болгон Түгөлбай Сыдыкбеков атабыз баш болгон чыгармачыл инсандар советтик империянын төбөлдөрүнө жана жасоолдоруна көкүрөк тосуп каршы туруп беришти. Коммунисттик партиянын лидери Абсамат Масалиев мамлекеттик тилге болгон колдоосун тайманбай көрсөткөнүнө ыраазы болушубуз керек. Натыйжада, мыйзам зор кыйынчылыктар менен кабыл алынган. Тилекке каршы, аны аткарууга келгенде, ошол кезде кокусунан бийликке келип алышкан жаңы демократтар оюн кылышты. Кыргыз тилине атаандаш катары орус тилине расмий статус менен 1993-жылдагы Конституцияга жабыштыра салышты. Мамлекеттик кызматкерлер кыргыз же орус тилин билсе жетиштүү болот деген саясат орун алды. Жыйынтыгын бүгүнкү күнгө чейин көрүп келебиз. Ошондуктан, быйылкы жылдагы мыйзамды кабыл алуу эпопеясынын өзгөчө мааниси бар. Мыйзам долбоорунун демилгечиси президент өзү болду. Кабыл алууда катуу жоопкерчиликти жаратты. Биз аталган документти парламенттин регламентин ыйык сактап, талап кылынган шартта үч окуудан өткөрө алдык. Белгилеп коё турган нерсе, кыргыз тилин тоготпой, аны жериген күчтөр дагы деле бар экен. Баарынан өкүнүчтүүсү, андай адамдар депутаттардын арасында толтура. Бул жерде катуу кризистик кырдаалдар да түзүлдү. Бирок, президент Садыр Нургожоевичтин катуу позициясы өз таасирин берди. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана бир нече депутаттар тил күйөрмандары катары өздөрүн жакшы жагынан көрсөтө алышты. Алтургай 31-майда 3-окуудан ийгиликтүү өткөн мыйзамга президент тарабынан кол койдурбай коюу далалатын кылган адамдардын аракеттери иренжитти. Ошондой болсо дагы урматтуу президентибиз мыйзамга 17-июлда кол коюп, күчүнө киргизди. Бул чоң жеңиш да! Коомчулук документти жакшы кабыл алды, бирок дагы деле аны жактырбаган адамдар бар. Алардын катарында "чала чиновниктер" арбын. Улуттук комиссиянын кыргыз тилин жайылтуу аракети абдан активдүү болду. 1-марттан бүгүнкү күнгө чейин баардык аткаруу бийлигинин мекемелерин кыдырып, семинар, иш-чараларды өткөрдүк. Өлкөнү түрө кыдырдык. Бишкек шаарынын төрт районун тил мыйзамын аткарууга мажбурладык. Айрыкча расмий иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүү аракетин кылдык. Ушул күндөрү борборубуздун ири ишканалары "Бишкек жылуулук борбору", "Бишкек суу чарбасы", ж.б. чарбалык мекемелер менен тыгыз жолугушуулар болууда. Үстүбүздөгү жылы дагы бир ири эл аралык иш-чара уюштурууга жетише алдык. Ал азыр зор резонансты жараткан "Түрк тилдүү элдердин тил форуму". Бул жыйын тарыхыбызда биринчи жолу болууда. Ага чет өлкөлөрдөн 80ден ашуун окумуштуулар, мамлекеттик ишмерлер катышып, 200гө жакын делегаттар келишти. Президентибиз Садыр Жапаров өзүнүн фондунан керектүү каражатты бөлүп берип, форумдун катышуучуларын куттуктады. Натыйжада, "Бишкек декларациясы" кабыл алынды. Эми Бишкегибиз түрк тилдүү элдердин борбору болуп калуу вазийпасына жол ачылып отурат. Ар бир үч жылда мыкты тил адистери борборубузга келип, тилдин актуалдуу маселелерин талкуулап турушат. Бул кадам биз үчүн чоң сыймык. 

-Тилди өнүктүрүү аракетиңиздин акыбети байкала баштадыбы?

-- Албетте, ийгиликтерди жаратабыз! Бүгүн эле жаңы тил мыйзамы өзүнүн таасирин бере баштады. Кыйынчылыктар, албетте, бар. Кыргыздар өзүбүз эски стереотиптен, арамза адаттан чыгалбай келгенибиз өкүндүрөт. Бирок, кээ бир мекемелер жакшы натыйжа берүүдө. Мисалы, финансы министрлиги. Бул мекемеде 2022-жылы иш кагаздарынын мамлекеттик тилдеги үлүшү 22% эле болсо, үстүбүздөгү жылдын 11 айында 80%дан ашты. Учурдан пайдаланып, министр Алмаз Бакетаевге ыраазычылык билдирем! Ушундай эле жакшы көрсөткүчтөр өзгөчө кырдаалдар, ички иштер жана саламаттык сактоо министрликтерине дагы таандык. Соцфонд да бир жыл ичинде жакшы ийгиликтерди жарата алды. Өкүнүчтүүсү, мамлекеттик тилди дагы деле тоготпой келген мекемелер бар, алар санарипти өнүктүрүү министрлиги, монополияга каршы күрөшүү мекемеси, салык жана бажы ишканалары ж.б. Бишкек шаарынын абалы өтө төмөн. Чүй облусунун көптөгөн айыл аймактарында көйгөйлөр жетиштүү. Кыргыз тилибизди жайылтууга билим берүү жана маданият системалары чечүүчү ролдорду ойношот. Керек болсо, алар кыргыз тилибиздин тагдырын чечип коюшат. Тилекке каршы, эки министрликте тең расмий иш-кагаздарынын кыргыз тилиндеги үлүштөрү өтө төмөн. Таңкаласың. Жаңы билим берүү министри Догдургүл Шаршеевна прогрессивдүү көз караштагы инсан катары бул ишти катуу колго аларынан үмүтүм бар. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү – бул жалпы элдик милдет экенин унутпасак!

-- “Өздөн чыккан жат жаман” дегендей, тоскоолдуктар да түшүнүктүү болууда... 

-- Ооба, кээ бир кыргыздардын коркок же кул мүнөздүк позициялары күйгүздү. Бул оюңузга жаңы кабыл алынган Конституциялык "Мамлекеттик тил жөнүндөгү" мыйзамдын контекстинде жооп берейинчи. Ооба, эне тилибизге өзүбүздүн эле кыргыздар кайдыгерлик кылышып, алтургай агрессивдүү түрдө каршы чыгышкандары өкүнтөт. Бул обужокторду көрүп отурушуп, башка улуттагылар кыргыз тилин баркташмак беле? Алар кайра сүйүнүп жатышпайбы. Жаңы мыйзамдын эки эле беренесинен мисал келтирейин. Алар 5-жана 10-беренелер. Мисалы, 5-берененин 1-пунктунда жазылып турат: "Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жумуш тили болуп мамлекеттик тил саналат""же" деген коркунучтуу байламта алынды! Мындай жобо мурдагы мыйзамда эки тилди арсар кылган "же" деген "мыкаачы байламта" менен кошоктолуп коюлган. Анын азабын 34 жыл тартып келдик. Эми анын ордуна катуу талапты мыйзамдын 10-беренесине камтыдык. Анын 1-пункту мындай: "Кыргыз Республикасында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий документтери мамлекеттик тилде жол-жоболоштурулат жана мыйзамдарда каралган учурларда расмий тилге которулат...". Ушул берене "киргиздер" менен башка улутчул этностордун итатайын карматты. Мени талап, тепкилеп эле жатып калышты. Бир азамат "Осмоналиев этнофашист" дегенге чейин барды! Баарынан дагы менин күйгөнүм, "кыргыз тил десе өлүп берем!" деп оозун куу чөп менен аарчыган кээ бир филологдор, акын-жазуучулар, доктор-академиктер, интеллигенттердин көпчүлүгү, оолжума пикирлерин таңуулаган, ойду-тоону сүйлөгөн “кеңешчилер” ооздоруна кум тыгып отурушту го, чиркин! Башкача айтканда, кимдин ким экендиги даана билинди! Бир гана президент менен спикер ачык колдоштуРоссиянын тышкы иштер министри атырылып сындады эле президентибиз өзү эле тез жана так жооп берип койду. Өрт өчүргөндөй кылды! Эми мындан кийин мамлекеттик тилди министрлер, мекеме башчылары, баардык жетекчилер кандай аткарып жаткандыктарын ачык айтып, жогору жакка расмий кат менен маалымдай баштайбыз. Башка жол жок. Тилдин тагдыры чечилип жатат. Ушул эле мыйзамдын 32-беренесинде кимдер мамтилди билүүгө милдеттүү?” деген тизме бекитилген. Мында президенттен баштаган жогорку жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынан айыл өкмөттөрүнө чейинки ишмерлер камтылган. Алардын баары "Кыргызтесттен" өтүүлөрү милдет. Тилекке каршы, беш айдан бери бир дагы депутат тесттен өтө элек! Бир депутат дөөрүп жатпайбы, “биз эми андай деңгээлге чейин түшпөшүбүз керек да! деп. Аны угуп алып эмдигиче шок болуп жүрөм! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер