Имарат курулбай калдыбы? Мурдагы башкы прокуратуранын орду чырга айланганда
Акыркы кездерде өкмөттүн, Бишкек мэриясынын пландарына, алдыртан айткан учуртмаларына элибиз ишенбей баштады. “Лапшалар” илине берип, көнүмүшкө деле айлангандай. Шаарда көрүнүктүү эмгек өтөлбөй, майда гана мактанычтарга, курулай пиарларга батып кетишти. Көп нерсе жетекчиге жараша болот тура.
Өкмөт башчы Акылбек Жапаров да аралашып, Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров демилге көтөрүп, күйүп кеткен башкы прокуратуранын ордуна заманбап имарат түшө турганын жар салышкан. Ири долбоор катары алдын ала сүрөттөрүнөн бери чыгарышып, мактанышып, жарнама кылышканы эсибизде. Бул ишти кочкорлук Улукбек аттуу жигит жүзөгө ашырары да маалымдалган. Анан? Кызыгы, өз ара чатак чыгып, долбоор ордунан жылбай, алдамчылык катары айгине болдубу? Орто жерден бул жер участогуна абактагы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеваны кандайча аралаштырып салышкан? Кылмыш иши козголуп, камалып чыкты го? Улукбек да кармалганбы? Инвесторлор келбей атканына өзүбүздүн эле чоңдор айыптуубу? Башаламан иш баштап алышып, көмүскөдөн келише албай тытышып атышса, түпкүрүнөн алганда байлык талаш беле? Мамлекеттик деңгээлдеги демилгелер ырааттуу жүрбөсө, арты кандай тамамдалат? Айтор, мэр Эмилбек Абдыкадыров жүргөн жерге чөп чыкпайбы?..
Эрксизден ушундай суроолор жаралууда. Жооп кыла алышпайт да...