Күйөөм көзүмө чөп салып жүрүптүр. Кантип өч алсам?

Бир жыл болду күйөөмдү башка аял менен кармап алгандан бери депрессия болуп жүрөм. Эми дагы бирөө менен вотсаптан жазышып, жүрөк жөнөтүшүп жатканын кармап алдым. Мени көрүп өчүрүп салды. Анан мойнуна албайт. Мен кандай адам менен жашап жүрөм? Кээде жийиркенем.
Ортобузда бир кызыбыз бар. Мен катуу депрессияга кирип кеттим. Өзүмдү өзүм башкара албай калдым. Эч нерсеге көңүлүм жок. Жашоонун кызыгы, кунары жок. Сөлөкөтүмдү эле көтөрүп басып жүргүндөймүн. Психологго барсамбы? Күйөөмдү ушунчалык жакшы көрүп, эми анын кылгандарын көтөрө албай кыйналып жүрөт окшойм. Өзүмдү кантип өзгөртөм? Ансыз деле кызыктуу тирүүлүк бар экенин сезип жатам. Бирок... Күйөөмдөн кантип өч алсам? Өзүм өңдүү элемин. Башка бирөөнүн койнуна кирүүгө даабай турам... Эмне кылуу керек?