Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүйшөнбек Камчыбеков: “Тоо-кен тармагынан бир жылда 48 миллиард сом бюджетке түшүрсө болот”

Дүйшөнбек Камчыбеков: “Тоо-кен тармагынан бир жылда 48 миллиард сом бюджетке түшүрсө болот”

19-июнь, 19:30
608 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Тоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясынын төрагасы менен маек.

(Уландысы. Башы гезиттин өткөн санында)

-- Мамлекеттик геологиялык ишкана түзүлгөнүнө бир жылга аяк басты. Учурда кандай иш алып барууда?

-- Мамлекеттик геологиялык ишкана түштүк жергесинде гипске байланыштуу дагы бир кен бар, ошого да инвесторлорду тартып, продукциясын чыгарып жатат деп айтсак болот. Ошондой эле Таласта жайгашкан "Талды-Булак Таласский" деген кен дагы бул ишканага берилди. Мамлекеттик геологиялык ишкана бүгүнкү күндө инвесторлорду тартып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Андан тышкары, көмүр кендерине да лицензиялар алынган. Ошол лицензиялардын негизинде кошуна Өзбекстан да биз менен сүйлөшүп, “Кыргызстанда жайгашкан көмүр кендери менен биргелешкен ишканаларды түзүп иштетсек, чек арага жакын жерлерге ТЭЦ курсак, ошону чогуу пайдалансак” деген сунуштарын билдирүүдө. Андан сырткары, Баткен жергесинде жайгашкан "Алтын жылга" деген кенде чалгындоо иштеринде аныкталган 10 тоннадан 20 тоннага чейин алтындын кору бар. Буга да инвесторлорду тартып, биргелешкен ишкана түзсөк деген иш-аракеттер жүрүүдө. 

Акыркы мезгилде “геология тармагына каражат туура көлөмдө бөлүнсө” деген маселени көтөрүп келебиз. Учурунда геология тармагы боюнча объективдүү план түзүлчү. Көмүр кендери көпчүлүгү Нарынга жакын жерлерде болгондуктан, геология тармагы изилдеп, союз убагындагы архивди карап отуруп, Турук деген жерге чалгындоо иштерин жүргүзүп, Кара-Кеченин көмүрүнөн да жакшы көмүр кени ачылган. Көмүр кендери боюнча ушул сыяктуу ар бир районго объективдүү пландар түзүлүп, чыгымы аныкталып, минфин тарабынан атайын каражаттар бөлүнүп турса туура болмок. Конституция боюнча да кен – бул элдин байлыгы. Байлыкты алууга мамлекет тарабынан атайын пландар түзүлүп, тийешелүү каражат бөлүнсө, анын эсебинен кендердин кору аныкталып, баланска коюлса, кийин ал кенди тийешелүү мамлекеттик ишканага берсе, ал ишкана инвестор тартып, мамлекеттин үлүшүн аныктап, ошондой жолдорду тандап иш алып барсак түзүк болмок. 

-- “Кыргызгеология”, “Кыргызкөмүр”, “Кыргызалтын” деген ишканалар бар. Буларды жалпылаштырып бирге иш алып баруу мүмкүнбү?

-- Бул жагын ойлонуп көрсөк, туура эле деген пикир жаралат. Бирок иш жүзүндө болбой калат. Геология – аты айтып тургандай, кендин корун, запасын, түрүн аныктап, баланска коюп, “бизде мындай кен бар” деген ишкана болушу шарт. Алар тарабынан аныкталган жерлерге лицензиялар берилип, инвестиция тартылып, иштетүүгө өтүп жатат. 

1990-жылдардын башында туура чечим кабыл алынып, "Кыргызалтын" деген ат менен мамлекеттик концерн түзүлүп, тоо-кен тармагына түздөн-түз байланышы болгон. Анын ичине алтын кени, ага кошумча Кара-Балтада жайгашкан уран иштетүүчү мекеме, Хайдаркандагы сымап комбинаты, Кадамжайдагы сурьма комбинаты ж.б. баары киргизилген. Ошолордун баарын чоң мекеме болуп алып кетиш керек эле. Бирок булар өзүнчө холдинг ишкана болсо, биринчи кезекте алтын кендерине байланыштуу иштер жүктөлсө (андан сырткары, литий, же сейрек кездешүүчү металлдар болобу), ошол маселенин баары "Кыргызалтынга" жүктөлсө деген ой бар. Ал эми "Кыргызкөмүр" ишканасына бүгүнкү күндө 400дөн ашык лицензиялар берилген. Алардын жок дегенде 20%ы иштеп кете турган компаниялар. Ошол ишканалардын баарынын башын "Кыргызкөмүр" бириктирип, бир жылда канча көмүр казып алуунун планын түзүп, Бишкек ТЭЦкеби, же башка ТЭЦтергеби, же социалдык объектилерге береби, көлөмүн аныктап, ушундай иш-чараларды жүргүзсө туура болмок. Тилекке каршы, андай болбой жатат.

-- “Кыргызстанда кенди иштетүүгө техника, технология жок” деп келишти. Бирок Кумтөр ойдогудай иштеп, ишеничтер жаралды десек болот. Жаңы чалгындоо иштеринде жакшы кендер табылып калса, иштетүүгө потенциалыбыз барбы?

-- Канадалыктар боюнча Кумтөр кенинен мисал келтирип айта кетейин. 2021-жылы тышкы башкарууну киргизген учурда адистердин баары чет өлкөгө кетип калышкан. Анан 2021-жылы май айларынан кийин түздөн-түз руданы казып алып жаткан “20-участок” деген жерден жарака пайда болуп, деформация боло баштаган. Андай учурда ал жерден техниканы, адамдарды алып кетишкен. Эгер ошондой ой пикир менен токтоп кала турган болсок, бизде анда алтын өндүрүү маселеси үзгүлтүккө, ал жылы алган алтындын көлөмү 10 тоннага да жетпей калмак. Экинчи жагынан, “кыргыздар бул долбоорду өздөрү алып, иштете албай койду” деген сөзгө да калмакпыз. Бирок биздин ошол жерде иштеп жаткан кыргыздын адистери, рудникте жетекчилик кылган Кубаныч деген жигит, анын орун басары Тынчтык , Темирбек, Манас, Саламатка окшогон мыкты адистер жакшы чечим кабыл алышып, үстүн токтотуп, алдынан алтынды алып, планды толугу менен аткарып беришти. Эгерде “Центерранын” убагы болгондо Кумтөрдүн иши токтоп калмак эле. 

Бүгүнкү күндө геология тармагын башкарууга, мисалы, эт комбинатында, курулушта иштеген, ж.б. кесиптеги адамдарды коё берсе, анда кыйынчылыктар сөзсүз болот. Мындай көйгөйлөрдөн арылуу үчүн тийешелүү жерге дасыккан адистерди коюп иштеткенибиз туура. Тоо-кен тармагы бюджетти көтөрө турган тармак болуп турат. Бир жылда 48 миллиард сом киреше – бул чоң көлөмдөгү каражат. Ошондуктан мен көтөргөн маселелер мамлекет жетекчилеринин колдоосуна, көңүл буруусуна муктаж.


Жамиля Нурманбетова 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер