Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » АКШ Украинанын бюджетин колдоого 4,5 миллиард доллар бөлөт

АКШ Украинанын бюджетин колдоого 4,5 миллиард доллар бөлөт

23-ноябрь, 18:38
238 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Вашингтон түз бюджеттик колдоонун алкагында Украинага 4,5 миллиард доллар бөлөт. Бул тууралуу АКШнын каржы министри Жанет Йеллен билдирди.

Анын айтымында, каражат жакынкы апталарда бөлүнө баштайт жана ал украин өкмөтүнө экономикалык туруктуулукту бекемдөө, негизги мамлекеттик кызматтарды колдоо жолу менен Россиядан коргонууга жардам берет.

"Бул каражат Путиндин негизсиз кол салуусуна каршылык көрсөтүүнүн маанилүү куралы болуп эсептелет" деп жазылган АКШнын каржы министрлигинин билдирүүсүндө.

Транш грант катары которуларын белгилеген Йеллен башка донорлорду да Украинага жардамды көбөйтүүгө жана тездетүүгө чакырды.

АКШнын президенти Жо Байдендин администрациясы Киевге 20 миллиарддан ашык долларга аскердик жардам, экономиканы калыбына келтирүүгө 13 миллиард жана гуманитардык иштерге болжол менен 10 миллиард доллар бөлгөн. Мындан тышкары, Байден Конгресстен Украинаны кошумча каржылоого дагы 37,7 миллиард доллар бөлүп берүүнү өтүнгөн.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер