Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстанда бактериялык күйүк илдети жайылууда

Кыргызстанда бактериялык күйүк илдети жайылууда

07-декабрь, 19:24
310 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз-түрк "Манас" университетинин айыл чарба факультетинин окутуучусу, биология илимдеринин кандидаты Сайкал Бобушева бактериялык күйүк илдети өлкөнүн бардык аймагында кездешерин айтты. Кыргызстанда бактериялык күйүк илдети жайылып, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн азаюусуна коркунуч туудурууда. Бактериялык күйүктүн Кыргызстандагы жайылышы, илдетке каршы күрөшүү чаралары илимий негизде изилденип жатат. Бул тууралуу ал Спутникке” маек куруп жатып билдирген.

"Бактериялык күйүк илдети – бактерия козгогон бир клеткалуу микроорганизм. Бул Түндүк Америка континентинен тарап, Кыргызстандын аймагына да жеткен. Роза гүлдүүлөр тукумуна кирген жапайы жана маданий өсүмдүктөрдү жабырката турган кооптуу илдет. Алсак, Кызыл китепке кирген алма, алмуруттун саналган сейрек кездешүүчү түрлөрүн жабыркатып, жок кылат. Мисалы, алма, алмурут, бий алма, чие, өрүк, шабдалы, кара өрүккө жугуп, жалбырагын күйгүзүп, карайтып, жыйынтыгында жок кылат. Бул илдет 2010-жылдары Казакстан менен Кыргызстандын чегинен табылып, учурда өлкөнүн бардык аймактарында кездешет. Бирок окумуштуулар бактериялык күйүк ага чейин эле болгонун айтышууда. Илдеттин кооптулугу расмий аныкталгандан кийин оору катталган жерлерди карантиндик объект катары эсептеп келебиз. Учурда дүйнөдө бул ооруга каршы күрөшүү препараттары чыга элек. Бирок алдын алуу иштерине көңүл бурулуп жатат" деди Бобушева.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер