Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Манасбек Султанов: “Малиев президент Жапаровду убагында исламчы катары жериген...”

Манасбек Султанов: “Малиев президент Жапаровду убагында исламчы катары жериген...”

08-июль, 18:56
1 876 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Телеканалдардын бирине маек берип жатып, коомдук ишмер Манасбек Султанов улуттук баалуулуктарды сактап калуу жаатындагы көйгөйлөргө токтолуп өттү. Маекте негизги баалуулуктарыбыз болгон кыргыз аргымагы Карабайыр, кыргыз тайганы жана жаратылыш байлыктарыбыз туурасында сөз болгон. Албетте, Кумтөр да четте калган жок. Бул маселе туурасында көптөгөн саясатчылар менен болгон талкууларын эскерип, үч жыл мурдагы бир окуяны айтты. Кумтөр жөнүндө өзүнүн таанышы Арсланбек Малиев экөөнүн ортосундагы пикир алмашууда ага төмөндөгүдөй таризде кайрылган: “Арслан, айтчы мына, Кумтөр сенин жериң го, неге аны коргобойсуң? Эмнеге эле сен Кумтөрдү улутташтырууга каршы болуп жатасың? Мисалы, сенин жердеш иниң Садыр Жапаров Кумтөр үчүн күрөштү. Эми болсо ошон үчүн куугунтукталып, түрмөдө отурат. Сен деген саясатчысың го, айтпайсыңбы, Садырды колдоп койбойсуңбу?”

Бул суроого Арслан мырза минтип жооп бериптир: “Маке, Садыр исламчы да…”.

“Мен үчүн Арсландын жообу күтүүсүз болду. Анткени, ал өзү теңирчи. А теңирчилер деген жаратылышка жакын болушу керек да. Кытай тилинен алганда, “Тянь-Шань” – Теңир болуп которулат. Анда эмне үчүн теңирчи адам Кумтөр маселесинде Садыр Жапаров жана эл тарапта болбойт? Ооба, бюджетти толтуруу орчундуу маселе, бирок биздин улуттук баалуулуктарга жана анын катарында табигый байлыктарыбыздын негизгиси болгон мөңгүлөрдү талкалоо аркылуу бюджетти толтуруунун кереги жок!” деди Султанов. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер