Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Түптө чак түштө 4 жана 6 жаштагы балдардын өмүрү кыйылды

Түптө чак түштө 4 жана 6 жаштагы балдардын өмүрү кыйылды

15-сентябрь, 12:31
1 453 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сары-Булуң айылында өрттүн кесепетинен каза болгон балдар тууралуу “Turmush” басылмасынын аймактык кабарчысы сурап билген.

Маалым болгондой, кечээ, 14-сентябрь күнү Сары-Булуң айылынын Жаштык көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн сарайынан өрт чыккан. Айыл тургундардын айтымында, кырсык түшкү саат 14:00 чамасында катталган.

«Кечээ көчөдө бет маңдай жашаган кошунанын төрт баласы (экиден бир туугандар) А.Б.нын сарайында ойногон экен. Ал кезде көз жумган 4 жашар кыздын атасы (үй ээси), апасы жүк ташуучу унаасы менен цемент алганы Түп айылына кеткен. Үйдө жаңы келген келин бар экен (көз жумган кыздын бир тууган жеңеси). Ал балдарды түшкү тамактанууга чакырайын деп таппай калган. Ошол учурда мектепте окуй элек 4 бала сарайдын ичинде үйүлүп турган чөптүн жанында ойногон. Анан эле тилсиз жоо чыгып, эки үйдүн бирден баласы сыртка качып чыгып, экөө ичинде калыптыр. Анткени сарайдын чатыры шифер менен жабылып, ичи толтура чөп болгондуктан чыга албай калган окшойт.

Өрт катталган сарайды үй ээсинин келини биринчилерден болуп көргөн. Андан соң кошунасы (баланын чоң атасы) шифердин жарылганын угуп, небересин издей баштаган. Сарайдан качып чыккан эки эркек бала коркконунан жашынып турганын көрүшкөн. Алардан бир туугандарын сураганда сарайда калганын айтышкан. Бул мезгилде кошунанын ата-энеси үйүндө болгон. Көп өтпөй өрт өчүрүүчүлөр келип, тилсиз жоону курчап, балдардын жансыз денесин алып чыгышты» дешти айыл тургундары.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер