Азыр биз барбыз. А жүз жылдан кийинки абалыбызды элестеттиңби?..
Жүз жылдан кийин, башкача айтканда, 2121-жылы, биз баарыбыз туугандарыбыз менен бирге жер астында болобуз. Биз курган үйлөрдө чоочун адамдар жашашат. Биз чогулткан мал-мүлк башкаларга таандык болот. Биз жөнүндө эч нерсени эстешпейт дагы. Ичибизде ким атасын же чоң атасын эстей алат. (Болсо да өтө азчылык эстейт).
Биз ошол кезде бир гана жазууларда гана, саптарда гана эскерилип, атыбыз жана формабыз унутулган тарыхка айланат. Анда эмне үчүн келечектеги мүлкүбүз, үйүбүз жана үй-бүлөбүз жөнүндө көп баш катырабыз? Кантсе да, жүз жылдан кийин булардан эч кандай пайда жок го!
Биздин бар экенибиз ааламдагы өмүрдүн алдында көз ирмем гана. Биздин жашообуз – анын алдында көз ачып жумганчалык убакыт. Бизден кийин ондогон муундар келет. Алар да дүйнөнү биз тапшыргандай эле кийинки муунга өткөрүп беришет. Алар дагы кыялдарынын төрттөн бирин да ишке ашырбай өтүп кетишет. Демек, биз дүйнөдөгү чыныгы ордубузду билип алышыбыз керек. Ал биз элестеткенден да кичине.
Жүз жыл өткөндөн кийин караңгылыкта жана жымжырттыктын ичинде жүрүп, биз дүйнөнүн канчалык төмөн экендигин жана биздин арзууларыбыз жомок экендигин билебиз. Келиңиздер, жашообузду олуттуу, орчундуу жумуштарга, жакшы иштерди топтоого жана салих амалдарды жасоого аракет кылалы!