Акыркы кабарлар
» Саясат » Текебаевсиз кыргыз коому туңгуюкка кетип баратат
Текебаевсиз кыргыз коому туңгуюкка кетип баратат
26-январь, 22:32
2 963 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бизде аксакалдар, интеллигенция деле жок экен. Коомчулуктагы кыйчалыш, терс көрүнүштөргө үн катып, элди туура жолго багыттай тургандарга суусап калдык. “Каймактардын” баары кошоматчы болуп кетишти. Мындай шартта эрксизден Өмүрбек Текебаевди эстейт экенсиң. Эл башына күн түшкөндө, же кандайдыр бир кризистер орун алганда, бийлик мүдүрүлгөндө, айтор, оор акыбалдарда “Ата Мекендин” лидери жол көрсөтүп, чындыкты айтып, жалтанбай турчу эле. Көпчүлүк ошого жараша багыт алчу. Азыр болсо башсыз, чакчалекей түшкөн чөйрөгө айланып баратабыз. Көрсө, Текебаев бизге керек экен...
"Азия Ньюс" гезити