Кызмат убактысындагы жума намаз менен аш жемейди качан тыябыз?..
Мамлекеттик чиновниктердин көпчүлүгү жума намазга барышып, андан ары аш жегени жайылып кетип атышканы кандай? Бул боюнча маселе көтөрүп, тартипке келтиришпесе, аягы жакшылык менен бүтпөйт эй! Өкмөт өнүгүүсүз калып, өлкөдө жумушсуздук курчуп турган чакта чиновниктердин мындай жүрүшү өкүнүчтүү. Ал эми депутаттарыбызга сөз жок, алар каалагандай басып турушат, эч ким көзөмөл деле кылбайт. Негизи кызмат убактысында жума намазды шылтоолоп кетүүнү жана чайканалардан аш жегенди тыйбасак, аягы мамлекет болуудан калбайбызбы? Бул боюнча президенттик аппарат шашылыш түрдү мыйзамдуу талаптарды күчөтүп, көзөмөлдөп, тартипке келтирбесе эртең кеч болуп калат. Жоопкерчилик алгандан кийин иштеш керек да, болбосо кетишпейби? Элди качанкыга чейин кыйнашат?..
Aryba.kg