Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сабыр Мукамбетов: “Садыр Жапаров президент болсо кандай башкарат?”

Сабыр Мукамбетов: “Садыр Жапаров президент болсо кандай башкарат?”

20-октябрь, 14:19
624 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Садыр Жапаров мыйзам жол ачса президенттик шайлоого барарын айтты. Эки креслого көпкө отура албаган соң, бир жагын тандашы керек. Конституция боюнча президентте бийлик жок, ыйгарым укуктар, финансы премьер-министрдин колунда. Биз кыргызча эле “жалпы эл шайлады деп президентке баш ийип жүрдүк. Мыйзам чегинде аракет кыла турган парламент “чимкирик” болуп, өз ыйгарым укуктарын колдоно билген, эрктүү премьер-министр болгон жок.

Эми Садыр Жапаров президент болсо кандай башкарат? Кайра эле кыргызча (премьерди “козёл отпущения” кылып) башкара береби, же президенттик-парламенттик формага өтүп, президенттин ыйгарым укуктарын көбөйтүүбүз керекпи? Анда премьерликтин кажети барбы? А эгерде өлкөбүз парламенттик нукта өнүгөт деген позицияда болсо, анда президенттикке барып кереги не?
 
Парламенттик шайлоодон жеңип, тилектештер менен коалиция түзүп, премьерлигин сактап калуу мүмкүнчүлүгүн жеңил эле ишке ашырса болот.
 Анда соңунан конституциялык реформа алкагында президентин ыйгарым укуктарын болушунча кыскартып, же президенттикти такыр жо
юп салуу жолуна түшүү керек болот.

Айтор, эки ача жолдун бир жагына түшүү керек. Антпесе болбойт. Антпесе баягы “эки тоонун башын самаган эчки ачкадан өлүптүр” болот...” деп саясый талдоочу Сабыр Мукамбетов жазып чыкты.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер