Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Депутаттар каршы чыгышса, төрагалык талашка түшөбү? Шакиевдин сыры ачылууда...

Депутаттар каршы чыгышса, төрагалык талашка түшөбү? Шакиевдин сыры ачылууда...

04-август, 21:42
791 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Башында депутаттар Нурланбек Шакиевден айбыгышып, Камчыбек Ташиевдин жакыны катары сыпатташып, анан калса саясатка аралашкан тажрыйбалуу журналист сыңарындай көрүшүп, Жогорку Кеңештин төрагалыгына дуулдап колдоп беришкени, бирок көп өтпөй иштин баары теңирден тескери кеткендей. Урмат-сыйдан тая баштадыбы? Билими, тажрыйбасы чектелүү экени билинип, болгону айтышканга, кер-мурга жараган орто деңгээлдеги сүйлөө речи байкалып, андан жогору көтөрүлө албаганы айкындалып, ички сыры ачыкталып аткандай... Ал эми коомчулук астында Шакиев шефтерине ашкере кошомат кылганы менен таанылып, жек көрүү сезимдерин жаратканын кантебиз? Кадр саясатына ашкере киришип, мамлекеттик кызматтарга тууган-туушкандарын, жоро-жолдошторун түртө бергени менен көпчүлүк жетекчилерди тажата баштадыбы? Бир тууган инисин Бишкектин бакыйган Ленин районуна аким кылды. Анысы кесипкөйлүк жактан аксап атса, элдин эртеңки келечеги, тагдыры кантет? 2021-жылдан тарта Аксы, Чүй райондорун башкарымыш этиптир. Албетте, агасы депутат, спикер болгондон бери инисинин бактысы ачылып... Ушундай. Айрым депутаттардын баамында, Нурланбек Шакиевдин өзүнө карата күздө маселе жаралары, Жогорку Кеңештин төрагасынан алып түшүү аракеттери күн тартибине коюлары жөн жерден эмеспи? «Барбаросс операциялар» түзүлүп атканы каңкууланууда. Бүйүр кызыткан оюндарга баратат окшойбуз... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер