Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канат Хасанов: “Абылгазиевдин коррупцияга барганы аныкталса, он беш жылга кесилет”

Канат Хасанов: “Абылгазиевдин коррупцияга барганы аныкталса, он беш жылга кесилет”

17-сентябрь, 13:32
810 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого карата партиялардын жүргүзгөн үгүт иштери болуп көрбөгөндөй мыйзам бузуулар менен коштолуп жатат. Мындай пикири менен юрист Канат Хасанов бөлүштү. Анын айтымында, бийликчил катары эсептелген партиялар БШК бекиткен эрежелерди таптакыр аткарган жок. 

-- Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев “шалаакылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген шек менен кармалды. Экс-министрден тышкары дагы кайсы жогорку кызмат ээлерине шек жаралышы ыктымал? 

-- Мен буга чейин эле пандемия боюнча шалаакылык кетиргендиги үчүн ошол учурдагы өкмөт башчы Мухамметкалый Абылгазиевге, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жооптуу кызматкерлерине жана башка ушул сыяктуу баардык тийешелүү жактарга юридикалык баа берилиши керектигин айткам. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат, анын негизинде мыйзам бузуулар аныкталса, укук коргоо органдары аларды жоопко тартууга милдеттүү. 

-- Тергөө амалдары Абылгазиевди да шектүү катары тапса, мурдагы өкмөт башчыны кандай жаза күтөт?

-- Каржы полициясы тергөө амалдарын жүргүзүүдө. Буга ылайык юридикалык бааны ошол иликтөөчү топ берет. Эгер Мухамметкалый Абылгазиевдин иш аракеттеринде кылмыштын белгилери аныкталса, мыйзамдын чегинде чара көрүлөт. Жоопкерчиликтин кайсы бир түрүн алдын ала айтуу кыйын, бирок “коррупция, уурдоо, шалаакылык” деген беренелер тагылып калышы мүмкүн. Булардын ичинен эң оор кылмыш катары “коррупция” эсептелет. Абылгазиевдин  коррупцияга барганы аныкталса, бул өзгөчө оор кылмыш катары эсептелгендиктен, мурдагы премьер-министр он беш жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.  

-- Сиздин байкооңузда, партиялар же талапкерлер тарабынан мыйзам бузуулар буга чейинки шайлоолордо көп катталганбы же азырбы? 

-- Мен дагы маалыматты эл катары социалдык желеден алып жатам. Буга ылайык, азыркы үгүт иштеринде мыйзам бузуулар алда канча көп болууда. Себеби, эмитеден эле добуш сатып алуулар орун алып жатат. Бул өтө ири мыйзам бузуу болуп эсептелет. Мындан тышкары, БШКнын чечими боюнча  жолугушууларда ырчылар ырдабашы керек болчу. Бул эреже сакталган жок. Бийлик партиялары эл менен болгон жолугушуусунда артисттерди ырдатканын көрүп жатабыз. Бул мыйзамга баш ийбегендик болуп эсептелет. 

-- ЖК төрагасынын жаңы төрөлгөн балага көрүндүк бергенин көпчүлүк  добуш сатып алуу катары баалап жатышат. Бирок, БШК муну караган жок. Укук талаасында спикер Жумабековдун бул кадамы кандай бааланышы керек? 

-- Муну массалык маалымат каражаттарынан окудум. Анда каражат спикердин фондунан берилгени айтылып жатат. Бүгүнкү күнү Дастан Жумабеков парламенттин төрагасы, анын ыйгарым укугу бүтө элек. Иштеп жаткан депутат, спикер катары кадам жасагандыктан, бул жерде мыйзам бузуу деген жок. Жумабековдун төрага фондунан каражат берүүгө укугу бар. Акчаны өзүнүн атынан берсе, добуш сатып алуу болуп эсептелмек. Ошондой эле ыйгарым укуктары бүтө элек депутаттардын айлык алуусуна да мыйзам толук жол берет. 

-- Бирок, моралдык жагын жана талапкерлердин бирдей мүмкүнчүлүккө,  укукка ээ болушу керек экенин эске алсак, бул туура эмес болуп калбайбы?  

-- Албетте, моралдык жагынан алып караганда, төраганын акча бергени жана депутаттардын үгүт иши менен алектенип жүргөн учурунда мамлекеттин эсебинен айлык алуусу жакшы эмес көрүнүш. Чынында мындай болбошу керек, бул адамгерчилик сапатына жатпайт. Бирок, мыйзамдын негизинде бул туура. Мында мыйзам менен адамгерчилик сапаты бири-бирине карама-каршы келип жатат. 

-- Кайсы бир саясый топтун тизмеде жок жаранды партиянын жарнамасына аралаштырып, талапкерлердин арасына сүрөтүн да илип алганы сындалып жатат. Буга мыйзам жол береби?

-- Мыйзам боюнча партиянын тизмеси съездде бекитилет. БШК тизмени бекиткенден кийин башка талапкерлер тизмеге кире албайт. Бирок, жарнама иретинде “партияны колдойт” деген негизде сүрөттөр илине берет. Жарнак туурасында жобого ылайык, сүрөткө тартылган жарандын макулдугу менен буга уруксат берилет. Ал эми үгүт иштеринде мындайга жол жок.    


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер