Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кытай басылмасы: “АКШ Украинадагы чатак көпкө чейин созулса деген ниетте”

Кытай басылмасы: “АКШ Украинадагы чатак көпкө чейин созулса деген ниетте”

18-апрель, 13:42
329 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

АКШ өз пайдасы үчүн Украинадагы чатак узакка созулса деген ниетте. Бул тууралуу Кытайдын “Global Times” гезитинин макаласында жазылган.

"Украинада кризис башталгандан бери Вашингтон тараптан көрүлгөн аракеттердин бардыгы чатактын создугушуна алып келүүдө. Буга мобилизациянын болгон түрү менен "күч-аракеттер көрүлдү" деп жазылган макалада.

Гезиттин жазышынча, АКШ америкалык курал өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгы үчүн "башаламандыктан" пайдаланууда. Ушул тапта алардын акцияларынын баасы өсүп жатат. Мындан тышкары, "Россия кооптуулугун" жамынып, Европа менен НАТОну өзү каалагандай башкаруудан "геосаясый дивиденд" алууга умтулууда. Чатактын уланышынан АКШнын аскердик өндүрүшү чоң пайда көрүп жатканы белгиленген.

Россия Украинадагы атайын операцияны 24-февралда баштаган. Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификациялап", Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген.

Операция башталгандан тарта Батыш Москвага санкция жарыялап, улам катуулатып келет. Бирок мунун баары Батыш өлкөлөрү үчүн экономикалык көйгөйлөрдү жаратты. АКШ менен НАТО мамлекеттери Украинага курал-жарак, ок-дары жагынан жардам берүүдө. Ал эми расмий Москва атайын операция кандай болгон күндө да максатына жете турганын белгилеп келет.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер