Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алыска кеткен ашыгым кайтып келип, кыш суугундагы жылуулукту сездим...

Алыска кеткен ашыгым кайтып келип, кыш суугундагы жылуулукту сездим...

11-январь, 23:37
1 351 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эртең менен турсам кар жаап салыптыр. Белчеден. Аяз жүзүңдү тызылдатат. Маанайым түшүп турду. Негедир бала кезден эле кышты, айрыкча үрөй учурган суук күндөрдү жактыра берчү эмесмин. Бала кезде мен курактуу балдар-кыздар көк муштум болуп үшүгөнүнө карабай жылгаяк тээп жыргап ойношсо, мен жөн гана аларды терезеден карап турганды жактырчумун. Терезеде тигилип көпкө тура берчүмүн. Арадан канча жылдар өттү? Мен да бойго жеттим. Кыштын муздак күндөрү эле болбосо, анын сулуулугун, кереметин сезе албадым. Аңгыча жогорку окуу жайды да аяктап, ишке орноштум. 

Өз нугунда бейкапар өтүп жаткан турмушума сен бүлүк салдың. Муздай тоңуп, сенек болуп катып калган сезимдеримди ойготтуң. Экөөбүздүн сүйүүбүз жаңыдан тутанып, сүйүүнүн таттуу даамын эми сезе баштаганда, сен алыска иштеп кетмек болдуң. “Бир керемет болуп, сен кетпей калсаң экен” деп Кудайдан күндүр-түндүр тиледим. Бирок, андай болбоду. Алыска кеттиң. Алгач жаңы барган учурларыңда кабарлашып турганың менен кийин таптакыр кабарсыз кеттиң. Мен эми чындап айрылуунун азабын тарта баштадым. Арадан бир жылдан ашык убакыт өттү. Сенден таптакыр үмүтүмдү үзүп, соолуп бараттым.

Ошентип кайрадан кыш. Сыртта мен күтпөгөн, мен жектеген сууканы учкан кыш эле. Жекшемби болгондуктан, бир топко чейин ордуман турбай “сулк” жаттым. Аңгыча телефонум шыңгырады. Бейтааныш номер.

-- Алло?

-- Алло, Мунара?..

-- Мырза, сенсиңби? Сен кайтып келдиңби?!

-- Ооба, мен келдим.

-- Чын элеби? А мен... мен сени күттүм... 

Бул күнү экөөбүз жолугуштук. Жолугушмак тургай, мен күткөн адам колумду да сурады. Жакында жаңы жыл. Жакында үйлөнүү той. 

Айлананын баары аппак кар. Бутактар, арчалар, тамдын үстүлөрү – баары аппак кар. Аппак дүйнө. Мен кышка, кыштын сулуулугуна суктанып турдум. Суктандым да мыйыгымдан жылмайдым. Сууканы качкан суук күндөр сүйүү тартуулады.


Наргиза 

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер