Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » COVID-19 вирусунан дагы 11 бейтап көз жумду

COVID-19 вирусунан дагы 11 бейтап көз жумду

19-июль, 19:05
1 446 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 19-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 вирусунан дагы 11 бейтап көз жумду. Алардын алтоо Бишкекте, экөө Ысык-Көлдө, Чүй, Талас облустары менен Ош шаарындагы ооруканаларда жаткан.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери анын курмандыктары жалпысынан 2186 адамга жетти.

Вирус соңку бир суткада дагы 1287 кишиден аныкталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында – 917 бейтап. Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен вирус жуккандардын жалпы саны 150 миң 316 адамга жетти. Андан 126 миң 450 бейтап айыкты. Өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатат.

Ушул күндөрү 4704 адам ооруканада дарыланууда. Алардын ичинен195бейтаптын абалы өтө оор, 1430 кишиники оор деп бааланууда. Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көп экенин айтып келатышат.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер