Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлнара Ташибекова: “Биз коронавируска чалдыкканда адам катарынан чыгып калганбыз”

Гүлнара Ташибекова: “Биз коронавируска чалдыкканда адам катарынан чыгып калганбыз”

03-июль, 19:17
1 577 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

№17 ҮДБнын (Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору) башкы дарыгери, КР эмгек сиңирген врачы Гүлнара Ташибекова айым менен коронавирус илдети тууралуу чакан маек курдук. Бул адам биринчи жолу медицина кызматкерлери арасында КОВИД-19 вирусунун опурталдуу жагдайына туш болуп, өз жамаатындагы дарыгерлерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө коркунуч жараткан абалдан сактап калууда эбегейсиз эрдикти жасаган.

-- Гүлнара айым, КОВИД-19 вирусунун алгачкы медицина кызматкерлер арасынан даамын таткан сиздер болдуңуздар. Апрель айынын орто чени, сиз жана жамаатыңыз... Унутуп кала элексизби?

-- Ооба, апрель айынын орто чени. Ал күндөр алигиче көз алдыман кетпей турат. КОВИД-19 менен биздин №17 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери толук кандуу күрөшүп аткан кезибиз. Маска, бахила, чепчик, халат, атайын костюм, колкап, антисептик, санитайзер – баардык медициналык каражаттар менен камсыздалганбыз. Биз “ушулар менен колдонуп иштесек эле коронавирус жукпайт” деп жүрө бериптирбиз. Канчалаган үйлөрдү тынбай кыдырганбыз. Ошол тушта биздин ҮДБга караштуу “Жер ынтымагы” деген жогорку аймактан Мекке шаарына ажылык зыяратка бир топ момун мусулмандар барып келген кез эле. Биз алардын баарын көзөмөлгө алып, болушунча текшерүүдөн өткөзүп, ошону менен бирге аларга пандемия учурунда адам кандай эрежелерди сактоо керектигин ар бирине айтып аттык. Текшерүүдөн өтпөгөндөрдүн ПЦР анализин тапшыртып, иши кылса күнү-түнү тынбай, чарчоо дегенди билбей, биздин коллективдеги дарыгерлер жан аябай иштеп атканбыз. Коллективге өзүм жетекчи, өзүм шопур болуп алгам. “Өх, биздин ҮДБга караштуу жогорку аймактын баарын тазалап алдык! Эми бир аз жыйынтыктасак болот” деп айтып оозду жыйгыча, бир дарыгерибиздин дене табы көтөрүлдү, эртеси дагы бирөөнүкү. Удаа-удаасы менен 4-5 дарыгерибиздин абалдары начарлап, алды жөтөлүп, тамактары ооруп баштады. Экспресс-тест тапшырдык. Бүт баардыгыбыздыкы терс (отрицательный) чыкты. Андан сырткары ПЦР тапшырдык. Анын жыйынтыгы кечеңдеп баратканынан “биздин ПЦРди ачкыла. Акыбалдарыбыз негедир жаман болуп атат. Элдин баары ооруп, тура албай калды” деп санэпидстанцияга, горздравга кат жазып, оозеки кайрылганымда, “билесиз да, реактивдер аябай кымбат” дегенсип коюшту. Ошентип 2-3 күнгө ПЦР анализибиз белгисиз бойдон калды. Вирустук лабораторияга барып, ызы-чуу салдым, “анализибизди ачкыла!  Кызматкерлерибиздин акыбалдары күндөн-күнгө оорлоп баратат. Жетекчи катары аларга мен керт башым менен жооп берем!” дедим. Алар да ачпай койду. Ооруган кызматкерлердин саны көбөйүп атты. Менин да дене табым 38,5-39,2ге жетип, баспай калдым. Клиника экенин кынтыксыз эле билип, туйдум. Ошол учурда саламаттык сактоо кызматкерлери арасында шаардык кеңешме-жыйын болуп калды. Ал жерден жагдайды түшүндүрүп, биздин ҮДБнын абалын айтып, “пневмония чыгып атат” десем, алар мага көңүлкош мамиле жасап коюшту. Бирөө-жарымы жок дегенде “силер минтип атыпсыңар, мындай жардам берип коёлу” дегенге жарашкан жок. Жанымдын кашайганын айтпаңыз. Акыры эки кызматкеримди ПЦР анализибизге жиберип, “жыйынтыгын айтышсын, болбосо шаар боюнча ызы-чуу кылабыз” дегенден кийин алар анализди ачты. Ошондо биздин кызматкерлердин ичинен төртөөнөн коронавирус чыгып атпайбы. 

-- Жетекчи катары андан кийинки кадамыңыз кандай болду?

-- Кечинде “тез жардам” бригадасы келип, төртөөнү жугуштуу оорулар ооруканасына алып кетти. Кол алдымдагы бирге иштеген дарыгерлер аябай тынчсыздана башташты. Үйлөрүнө барышкан жок, “бул илдетти үйдөгүлөргө жугузуп алабыз” деп коркушту, себеби контакт бар эле. Таң атпай санэпидстанцияга жөнөдүм. Жаңы башкы врач келиптир. “Биздин кызматкерлерден ковид чыкты, калгандары үйлөрүнө баргандан коркуп атышат. Эмне кылалы? Бейтапкананы жабалыбы?” деп маселени кабыргасынан койдум. Жаңы башкы врач “силерге машине жөнөтөбүз. Доктурларды обсервацияга жаткырабыз” деди. Анан кордуктун кордугун көрдүк. Болбоду дегенде 8-9 саат эч бир наар сызбай күтүп отурдук. “Уйдан жок, же уй байлаган жиптен жок болуп”, эч ким акыбалыбызды сурап койгон жок. Келе турган машинесинин карааны көрүнбөйт. Ачка, баарыбыз үшүп-шишип болбой калдык. Кимге гана телефон чалбадым, баары эле кайдыгер. Акыры айлабыз түгөнгөндө 7-8 адамдан машинелерге түшүп, 19 адам болжолдуу айткан конок үйүнө өзүнчө эле “кортеж” менен бардык. Бизди көргөндөр жаа бою качышат десеңиз. Кашайып, башка жерге барып алыптырбыз. Анысына караганыбыз жок. Догурундук, анткени, алар айткан жерге барганга алыбыз да, шайыбыз да жок болчу. Буттарыбыз баспай калган. 

-- Барарын бардыңар, анан эмне болдуңар?

-- Эмне болмок элек, конок үйүнө жаттык. Эки күндөн кийин ПЦРге анализ алды. Ошол жерге баргандардын арасынан дагы төртөөнөн коронавирус чыкты. Аларды жугуштуу оорулар ооруканасына алып кетишти. Анан үй-бүлөлөрү ооруй баштады... Паника! Ыза болгонум: жалпы жамаатыбыз жеке өзүбүздүн кызыкчылыкты эмес, эл үчүн жан үрөп, буту-бутубузга тийбей, тытынып, күн-түн дебей “элибиз коронавирус илдетинен алыс болуп, тезинен ушу акыбалдан чыгып кетели” деп атсак, а бизди болсо адам катары көрбөй, эч ким карабай, талаага таштап кеткендей сезим калтырды. Эмне үчүн бизге ушундай мамиле кылышты? Кол алдымдагыларга көрүнбөй ыйлап да алдым...

-- Ошол кезде өзүңдүн акыбалың да оор болуш керек эле?

-- Күнүгө жөтөлүм чыдатпай, обсервацияда 13 күн, эки өпкөмө суук тийип, пневмония болуп, пульмонологияга 8 күн, андан кийин үйдө 14 күн жатып калдым. Азыркыга чейин жакшы эмесмин. Катуу басып койсом демим кысылып, энтигип кетип атам. Эми да ошого карабастан ишти токтотконубуз жок. Учурда акыбал күн сайын оорлошуп атат. Кыргызстан боюнча коронавирус жуктурган адамдын саны азаймак турсун көбөйүп, пандемия күчүндө. А биз баарына туруштук берүү менен чымырканып иштеп атабыз.  

-- №17 ҮДБдан жалпы жонунан канча медперсонал коронавирус илдетине кабылдыңар? Набыт кеткендер болгон жокпу?

-- Коронавируска 8 адам кабылды, алардын үй-бүлөлөрүнө жукканы 11ге жетти, обсервацияда биринчи жатканда 19 киши КОВИДге шектүү делген. Кудай сактасын, баарыбыз бүгүнкү күндө аман-эсен айыгып чыктык. Эмнеге дегенде, өз учурунда “коронавируска кабылдык, чара көргүлө, жамаатыбыздын баарын   обсервацияга алгыла, кимден илдет чыкса жаткыргыла, дарылагыла” деп ачык-айкын коомчулукка, тийешелүү жерге жаман көрүнүп айтып чыккан жалгыз мен болдум. 

-- Баса, №3 ҮДБдан да бир учурда вспышка чыгып, коронавируска чалдыгып, бир башкы дарыгери кайтыш болуп кетти. Сиз буга кандай реакция кылдыңыз?

-- Ошол кездеги башкы врач мага чалып, “Гүлнара Адыловна, сен кандай кылып бейтапкананы жаап, жамаатыңды обсервацияга алып кеттиң? Мен баардык тийешелүү жерлерге кат жазсам, аны карап, мага жооп берген жан жок болуп атат. Эмне кылышым керек?” деди. Ошол жерден жарылдым, “Жыргал байке, сиз аны күтпөңүз, эмнеге күтөсүз? Эгер ошондой болуп атса, жөнөңүз, ал жердин баарын жабыңыз, эч нерсени карабаңыз. Көп болсо сизди жумуштан бошотуп коюшат, коркпоңуз” дегем. Ошенткен күндө деле алар бир аз кечигишти окшойт. Ал эле эмес, мага Кыргызстандын булуң-бурчунан кесиптештер кат жазып, кеңеш сурап жатышты. “Бизде да ушундай болуп атат. Өзүбүздүн абалдарыбыз жакшы эмес. Медицина каражаттары да жетишсиз болуп атат” дешип. Бирок, негизинен баары эле “Гүлнара, коркуп атабыз, өйдө жактагылар эмне дейт? Бизди жумуштан алып койсо кантебиз? Башка жолу жокпу? Эмнеси болсо да биздин атыбызды жазба” дегендер болду. Аларга корпой-үркпөй “ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат” дегенди билесиңер. Ачык айткыла, көп болсо жумушуңардан айрыласыңар, башка айла да, жолу да жок” деп аттым.  

-- Айтсаңыз, коронавируска кандай баа берип атасыз?

-- Мен ойлочумун, грипп, грипптин өтүшкөн түрү эле деп. Көрсө, андай эмес, коркунучтуу нерсе экен. Бир учурда дем алуу жагым оорлошуп баштаганда “өлөт деген ушу турбайбы?!” деп калгам. Бул илдет менен тамашалашып кереги жок. Сактангыла демекчимин! 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер