Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Биримдиктин» жаш талапкеринин үгүт иши «Манас-Атада» өттү

«Биримдиктин» жаш талапкеринин үгүт иши «Манас-Атада» өттү

15-сентябрь, 12:07
378 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» саясый партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына жаш талапкерлеринин бири Эмилбек Джусупов Ош шаарынын жашоочулары менен жолугушууларын улантууда. 

Кечээ талапкер Ош шаарындагы «Манас-Ата» аймактык башкармалыгынын Ашимахунов көчөсүнүн тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда депутаттыкка бара жатканынын себебин айтып, партиянын программасы, максаттары менен тааныштырып, өлкөнү өнүктүрүү, элдин жашоо шарттарын жакшыртуу жаатындагы көз караштары, ойлору менен бөлүштү. ЖК депутаты болуп шайланып калса, кандай иштерди алып барары тууралуу да маалымат берди. 

Жолугушууга келгендер жаш талапкерди жылуу кабыл алышып, жеңишке жетүүсүнө ийгилик каалашты. Депутат болуп шайланып калса, эл үчүн иштеген, элдин көйгөйлөрүн Жогорку Кеңеште көтөрүп, элдин кызыкчылыгындагы мыйзам долбоорлорун сунуштаган активдүү депутаттардан болоруна ишенише тургандыктарын билдиришти. Улуу муундун өкүлдөрү Эмилбек Джусуповго «шайлоодо жеңишке жет!» деген каалоо-тилектери менен узатышты. 

«Биримдик» партиясынын талапкеринин Ош шаарынын жашоочулары менен жолугушуулары мындан ары да улана бермекчи. 

«Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер