“Ыйман Нуруна” жармашкан Кадырбеков өлкөбүздү Россияга жаман көрсөтөбү?
Калп жылмайып, кур чечендикке салып насаат айтымыш эткен Нуржигит Кадырбековду билесиңер да? Атамбаевдин доорунда “Ыйман” фондусу аркылуу байыса, эми “Ыйман Нуру” аттуу партияга жамынып, парламенттик шайлоого аттанды. Мурдагы бийликти кандай сатса, азыркыларды аттап өтүү кеп бекен? Калп эле ичи-коюнга киримиш болуп, таттуу сүйлөп, алдап кетерин билгендер буга жакын жолошпойт... Натыйжада, “Ыйман Нурунун” лидерине айланып, өзү ак калпак кийгени менен айланасына жоолукчан, сакалчандарды жандатып, светтик өлкөбүздө диний радикализмди курчутканы жатабы, ыя? Даават айтса, молдолукка шыгы болсо, анда мечитке барып иш кылбайбы? Эмнеге Нуржигит Кадырбеков динди бетке кармап, саясатка аралашат? Акыры Россия сыяктуу стратегиялык өнөктөштөрүбүзгө мамлекетибизди жаманатты кылып койбойбу? “Дин саясаттан сырткары” деп Башмыйзамда бадырайып жазылып турат. Же кыргызчасынан урдура берсе, буга жараша береби? “Ыйман Нуру” марага жетпей каларын билсе керек, бирок амалданып, шайлоо шылтоосу менен бизнес кылууга ашыктыбы?..
"Азия Ньюс" гезити