Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Апасына окшош. Россиялык ырчы каза болгондон кийин эне болду

Апасына окшош. Россиялык ырчы каза болгондон кийин эне болду

20-январь, 12:33
1 103 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эки жыл мурун күтүүсүздөн көз жумган россиялык ырчы Юлия Началова көзү өткөндөн кийин эне болду. Ырчы кыздын наристесинин атасы анын сүйүктүүсү Вячеслав Кудря болсо, ымыркай суррогат эне аркылуу жарык дүйнөгө келген. Бул тууралуу LIFE сайты жазган маалыматка таянып “Барометр” жазып чыкты.

Кийин белгилүү болгондой, жубайлар көптөн бери балалуу болууну кыялданып келишкен. Началованын кайгылуу өлүмүнөн кийин Кудря медицина кызматкерлерине кайрылып, сүйүктүүсүнөн балалуу болуу кыялы тууралуу айткан. Процедурага каза болгон ырчынын  тоңдурулган биоматериалы жасалма уруктандыруу үчүн колдонулган. Суррогат эне эркек баланы жарык дүйнөгө алып келген. Маалым болгондой, наристе учурда атасы менен жашайт. Ырчынын санаалаштарынын айтымында, наристенин көздөрү өзгөчө апасынын көздөрүнө куюп койгондой окшош. 

Эске салсак, ырчы Юлия Началова 2019-жылы 16-мартта көз жумган. Ал 39 жашында өнөкөт оорулардын кесепетинен улам каза болгон.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер