Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өлүм менен өмүрдүн “жарк” дей түшкөн учкундары

Өлүм менен өмүрдүн “жарк” дей түшкөн учкундары

08-июль, 12:17
720 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өлүм

Баардык бакыт баардык кайгы күбүлгөн жалбырактай саргайып, сапырылып артта калат. Биз алга карай умтулабыз. Бир карасаң артта калган күндөрдүн баары бактылуу болуп, алдыдагы бир өлүмгө шашылгандайбыз.


Чымчык

Жүрөк үнсүз. Шамалдын муңдуу авазын тыңшайт. Кээ бир мүнөттөрдө бул жашооң эч маанисиздей сезилет. Бир карасаң, адамдын жүрөгү көрүнбөгөн капаска камалган чымчыкка окшошконсуйт.


Каалга

Түн бир оокум. Эски каалга шамалга калдырайт. Эмнегедир ушул добушту укканда жүрөгүм “болк” деп, көрүнбөгөн арбактар бизди ушул каалганын оозунда карап тургансыйт...


Түш

Тирүүлүгүндө, өңүндө таптакыр жетпей турган нерсени адамдар түшүнөн издеп, түшүнөн күтүп калган сыяктанат.


Жашоо шамалы

Күздүн сапсары жалбырактары шамалга күбүлүп жатат. Бут алдыдагы сапсары жалбырактар өткөн күндөй, кеткен күндөй учуп түшүп жатышат. Дарактар жылаңач калды. Кудум жалгызсыраган жүрөккө окшошуп калды. Эми жылаңач дарактарды зирилдетип, дирилдетип шамал аңылдайт. Жүрөктү үшүткөн жашоонун шамалы да, турмуштун шамалы да табигаттын ушул шамалына окшош.


Балалыктай бейишти теңир берди

Өзүм коштум тозокту ары жагына 

Балалык – бул адамдын жашоосунун, өмүрүнүн таттуу бөлүкчөсү, өзүнчө бир стихия экен. Түгөлбай Казаковдун балалык тууралуу сонун ыры бар:

Токтодум да карадым арт жагымды,

Жаанда жүрөт делбирттеп бир жаш бала.

Ишеничи, көңүлү жел тийе элек

Кыял менен үмүткө курдаш бала.


Көзүмдү ирмейм көрүнөт алды жактан

Көртирликти жамынган тоодогу айыл.

Эскерүүлөр сел болуп жар кулаткан

Эңшеришет көңүлдү, мен да кайыл.


Өттү жылдар кемитип өмүрлөрдү,

Кубанычымдан көбүрөөк арманым бар.

Балалыктай бейишти теңир берди

Өзүм коштум тозокту ары жагына.


Көроокаттын көйнөгү көлдөлөңдөп,

Көкүрөгүн алда не эзип барат.

Отуну бар көтөргөн эрбелеңдеп,

Жетимдиктин дайрасын кечип барат.


Ал баланы жүр дедим чоң калаага,

Көчөсү кең, ар түркүн элдери көп.

Тартынган жок, бирок да ээрчиген жок

Тажайм деди, дүйнөңдөн эрмеги көп.


Көпкө жүрдүк, бойлодук тоо дайрасын,

Шапат урган. Чуркадык шүүдүрүмдө

Кош айтыштым: "Аман бол, садагасы!"

Эскерермин өмүрдүн күүгүмүндө...


Бул ыр балалыкты сүрөттөгөн, балалыкты ачып берген классика. Бул ырда балалыкка болгон кусалык, сагыныч, эскерүү жатат. Балалыктын баёолугу, тазалыгы, кыялдардын, максаттардын көчөсүндө жүргөндүгү суктандырат.  


Жамиля Нурманбетова 
Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер