Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » УКМКнын интернетке тарап жаткан видеого эч кандай тийешеси жокпу?

УКМКнын интернетке тарап жаткан видеого эч кандай тийешеси жокпу?

26-январь, 20:29
758 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети айрым адамдардын жеке жашоосуна байланышкан материалдардын интернетке тарашына УКМКнын тийешеси бар деген билдирүүлөргө жооп берди.

«Атайын кызматтын кызматкерлери коомубуздун туруктуулугун жана бүтүндүгүн сактоого, ошондой эле жарандардын укуктарын, эркиндиктерин камсыз кылууга бардык күч-аракетин жумшоодо. Журналист Б.Темиров, акын Б.Назаровдун кармалышы жана коомчулукта кызуу талкууланып жаткан жеке видеонун тарашына УКМКнын эч кандай тийешеси жок экенин белгилейбиз. Кээ бир кызыкдар жактар атайын кызматты далилсиз күнөөлөп, «катуу сөздөрдү, эпитеттерди» айтып, ошону менен коомчулукту күч органдарына каршы кылып жатканы таңкалтырат» деп айтылат маалыматта.

УКМК коомчулукту эмоцияга, ар кандай провокациялык аракеттерге алдырбоого, кандайдыр бир суроолор жаралса, билдирүүлөрү жана жалган жалаалары менен Кыргызстандын коомчулугун адаштырбай, белгиленген тартипте ведомствого кайрылууга чакырат.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер