Күйөөм менен сырдашкым келет, бирок андай деңгээлге жете албайбыз

Жашым кыркта. Бул менин экинчи турмушум. Жолдошум менден эки жаш кичүү. Биз бирге жашаганыбызга он жыл болду. Үч балабыз бар. Сырттан караган адам үчүн баары жакшы көрүнүшү мүмкүн, бирок жаш курак өткөн сайын жандүйнөгө туура келбеген адам менен жашап жатканыңды тереңирээк сезе баштайт экенсиң. Бул тынчсызданууга, ички бушаймандыкка, кээде бактысыздыкка алып келет тура.
Мен жолдошумду “жаман” деп айтпайм. Ал жакшы киши. Болгону, биз таптакыр эки башка дүйнөнүн ээлерибиз. Мүнөзүбүз, дүйнө таанымыбыз, жашоого болгон көз карашыбыз эки башка. Ал эми жалгыз ортобуздагы окшоштук – балдарга болгон сүйүүбүз. Азыр ойлоп көрсөм, дал ушул нерсе бизди алаксытып, бүгүнкү күнгө чейин кармап тургандай.
Ооба, “бул абалды мурдараак түшүнүшүң керек болчу” деген пикир айымдардан чыгышы мүмкүн. Бул менин экинчи никем. “Дагы ажырашабы?..” деген элдин сөзүнөн чочулап, колуман келишинче сүйүүгө, романтикага аракет кылдым. Бирок жыйынтык бербей келет. Себеби, биз бири-бирибизди түшүнө албайбыз. Сүйлөшүп, сырдашып, ичимдеги туюмдарымды бөлүшкүм келет,а иш жүзүндө бул аракетим тез эле токтоп, жоопсуз калат, же уруш менен аяктайт.
Мен андан эч качан кымбат баалуу нерселерди (бриллиант, алтын, саякат ж.б.) сураган эмесмин. Болгону – мени угуп, түшүнүп, көзүмө тигиле карап, жандүйнөмө башбага билсе кана? Кээде жөн гана көпкө сүйлөшүп, эркелеп, жеңил темаларда кобурашып отуруп, көңүл бошоткум келет, тилекке каршы, биз андай деңгээлге жете албайбыз. Ал өзүнүн ойлогонун гана туура деп эсептейт. Балким, анын табияты ошондойдур, бирок мен башкача аялмын. Ошол себептен жандүйнөм жалгыздай сезилет.
Ушунун баарын аңдап отуруп, кыйналып кеттим. “Өмүрүм ушинтип эле өтүп кетеби?” деген ой тынчтык бербей койду. Бул абал мага келечекте дагы терең стресске жана бактысыздыкка алып келерин сезип жатам...
Махабат
"Азия Ньюс" гезити