Кыргызстанда миңдеген туристтик маршруттарды түзсө болот

“Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат” деген сөз бар. Суроо: өлкөдөгү азыркы акыбалга жалгыз гана президенттер күнөөлүүбү? Андай болсо, мисал катары, өнүккөн өлкөлөр менен орун алмаштырсак бир нерсе өзгөрөбү? Алардын ыкчам өзгөрүшү мүмкүн, биз... Буга өзүңүздөр жооп бергиле. Бирок, калыс болуңуздар, алардын билими менен биздикин салыштырып болбойт. Ушундан эле жыйынтык чыгаралы. АКШнын идеологиясын түптөгөн экөөнүн бири З.Бжезинскийдин “Дүйнөнүн шахмат доскасы” деген китеби бар. Анда “Кыргызстан жаратылышынын кооздугу боюнча туризимдин “Меккеси” боло алмак. Бирок, улуттук кадрлардын билим деңгээли айласыз төмөн” деп жазган. Сөз эл аралык билим туурасында болуп жатат. Андай билим эмне беришин төмөнкү мисалдан көрөлү.
Абдилла Ташбеков Кыргызстандын эң бир алыскы Сары-Могол кыштагынын тургуну. Ал ОшТУнун туризм адистигин бүтүргөн. Учурда көрүнүктүү ишкерге айланып, алыскы айылдын даңгазасын эл аралык деңгээлге чыгарды. Кандайча?
“Окуп жатканда эле тоо маршруттарын изилдеп, туристтерге ар кандай варианттар менен кызматтарды түзө баштадым. Алгач өзүм жашаган үйдү туристтерге ылайыктап, шартын түздүм. Андан соң айылдан 25 чакырым алыста, Ленин чокусу тараптагы кичинекей Тулпар-Көл айланасына бозүй лагерин ачтым. Ал жактагы адамдар да кошумча киреше алуу мүмкүнчүлүгүн колдонуп, ишке кызуу киришти. Иш илгерилеп, чет өлкөдөн келген туристтердин саны көбөйдү. Ошондуктан, айылдагы көптөгөн жаштарды англис тилине жана туризм тармагына үйрөтүп, окутууга туура келди. Жыйынтыгында бирдиктүү команда түзүлүп, алар жоопкерчилик менен жумушка киришишти. Ош шаарынан 220 чакырым алыстыкта жайгашкан, деңиз денгээлинен 3000 метр бийиктикте турган кичинекей айылдын туризм жаатындагы кабары алыска кетти (!) десем жанылышпайм. Бүгүнкү күндө аталган айылда 10дон ашык конок үйлөр менен кошо 5 чоң лагерь пайда болуп, барган сайын алар көбөйүүдө. Айыл өкмөтү Тулпар-Көл жайлоосуна лагерь салып, аны бүтүрүү алдында турат. Мындан сырткары, президенттин алдындагы “Кыргыз туризм” фонду дагы бул жерге өзгөчө типтеги мейманкана салуу планын иштеп жатат.
Менин айтайын дегеним, университетке тапшырганда англис тилин такыр билчү эмесмин. Ошондуктан, аны үйрөнүп кетүү абдан кыйын болду. Анткени, кыргыз мектепти бүтүргөндүктөн, орус тилин дагы жакшы билчү эмесмин. Колумдагы англис тил окуу куралдары орус тилинде болгондуктан мага түшүнүксүз жана оор эле. Ошол учурда мага эң чоң түрткү берген Шайлообек Назаралиев агайдын кыргыз тилинде жарык көргөн “Англис тили 7 айда” деген китеби болду. Китеп мен үчүн башкы маалыматтын булагы болуп, ошол күндөн ушул учурга чейин аны колдонуп, сактап, жоготпой келем. Ошентип жүрүп, агайдын өзүнө дагы жолугуу насип болуп, чогуу бир аз иштешип, бул инсан жашоого болгон көз карашымды өзгөрткөнгө, азыркы ийгиликке жетишиме бир топ түрткү берди. Баса белгилеп айтарым, кесип табуу, жумуш жасоо, башкача айтканда, жаратман болуу үчүн кимдир бирөөнүн, айрыкча көптү көргөн, билген адамдын насааты керек экен. Агайдан билим алган балдар, кыздар азыр АКШ, Европа өлкөлөрүндө окуп, иштеп жүрүшөт. Алар айылда өскөн, карапайым эле адамдын балдары. Көрсө, жол көрсөткөн адам болсо, баардыгы өзүбүздүн колубузда экен. “Чет өлкөгө кетем” деген ой менде да абдан курч болчу. Бирок, үй-бүлөлүк шартыма байланыштуу айылда калууга туура келди. Ошондой болсо да, Кыргызстандын эң алыскы айылында туризмди түптөп, өз тиричилигимди гана алып кетпей, айылдыктарга да келечектүү тармакты жайылттым.
Жаштардын кыялы жана максаты – бийиктикке жетүү, ийгилик жаратуу. Бирок, андай максатка сөзсүз эле чет жакта жүрбөй, өз өлкөбүздөн эле жетсек болот экен. Бул жол коом, эл үчүн да пайдалуу экенине ишенип калдым. Албетте, ийгилик чыдамкайлыктын, туруктуу бир позицияда туруунун натыйжасында болот. Ошондуктан, андай максатты алдыга койгондорго кааларым чыдамдуулук, убакытты туура пайдалануу жана аракетти токтотпоо. Барыбыз тынч болуп, мамлекетибиз өнүгүп, эң алдыңкы бай жана бакубат турмуш кечирген эл бололу” дейт Абдилла.
Бул мисал “жумуш жок” деп шылтоо издегендер үчүн келтирилди. Аныгында эле ата-бабаларыбыз көргөндүн көзүн суктанткан, дүйнөдөгү эң бир кооз жерди бизге мурастаган экен. Аны көрөбүз дегендердин көзү төрт. Израиль чөл баскан жерин аздектеп, гүлзарга айлантса, биздин жаштардын көпчүлүгү жеринен безип, бирөөнүн мандикери болуп жүрөт. Кыргызстанда миңдеген туристтик маршруттарды түзсө болот. Чыгашанын да кереги жок. Болгону, эл аралык англис тилин жеткиликтүү билип, ишке жоопкерчиликтиктүү мамиле гана керек. Башка пикир болсо, ал тек гана шылтоо.