Марс Сариев: “Афгандык качкындардын арасында террористтер болушу толук мүмкүн”
-- Афганистандагы кырдаалга байланыштуу өлкөнүн эли качууга мажбур болууда. Качкындардын бизге дагы кириши мүмкүн экени айтылды. Аларды кабыл алууда эмнелерге көңүл буруу керек?
-- БУУнун уставы боюнча Кыргызстан афгандык качкындарды кабыл алууга милдеттүү. 1200дөй качкын киргизүү керек. Ошон үчүн студенттерди кабыл алсак туура болот. Биринчиден, аларды көзөмөлдөгөнгө мүмкүнчүлүктөр бар. Экинчиден, ошол эле студенттерди киргизүү менен БУУнун уставын аткарып койсо болот. Ал эми качкындарды киргизбегенге аракет кылыш керек. Алардын арасында агенттер, террористтер болушу толук мүмкүн.
-- Коңшулар менен такталбаган чек ара тилкелери бар да. Бул жагынан алсак, эч кандай коркунучтар болбойбу?
-- Тажикстан менен Өзбекстанга сөзсүз качкындар кирет. Алар Тажикстан аркылуу Кыргызстанга өтүп кетсе коркунуч жаралат. Бирок, талибдерден эмес, башка террористтик күчтөрдөн.
-- Афганистандан биздин өлкөгө кирип, аралашып кала тургандар болсо, аягы кандай болот? Жалпы эле ал жактагы кырдаалдын өнүгүшү бизге да таасир этиши ыктымалбы?
-- Ооба. Бизде “спящая ячейкалар” көп. Чоң оюнчулар кандайдыр бир башаламандыкка аракет кылса, террористтик уюмдарды аралаштырышы мүмкүн. Анда топ-топ болуп эле бизге да кирип келишет. А эгер Афганистанда талибдердин башкаруусу алдында өнүгүү башталса, анда Кыргызстандагы элдин кембагал катмарындагы ой өзгөрүп, акыйкатты светтик эмес, исламдык башкаруудан издей башташат.
Мээрим Асанова
"Азия Ньюс" гезити