Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Баткенде жабырлануучулардын саны 198ге жетти

Баткенде жабырлануучулардын саны 198ге жетти

20-сентябрь, 17:19
328 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн, 20-сентябрь саат 15:00гө карата саламаттык сактоо уюмдарына жаткырылган жабырлануучулардын саны 198 адамды түздү. Анын ичинен 26 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлдү. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрилигинин маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ооруканаларда жалпысынан 172 адам дарылануусун улантууда. Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарында 68 жабырлануучу дарылоодон өтүүдө, 104 адам Бишкек жана Ош шаарларынын саламаттык сактоо уюмдарына которулду:

 1. Улуттук госпитал – 75 жабырлануучу;

2. Улуттук хирургиялык борбор – 8 жабырлануучу;

3. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 8 жабырлануучу;

 4. Тез медициналык жардам ооруканасы – 9 жабырлануучу;

 5. Ош облустук бириккен ооруканасы – 4 жабырлануучу; 

Бардык жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү экендиги айтылат. Тажикстандын куралдуу кол салуусунан курман болгондордун саны 59га жетти. Алардын басымдуу бөлүгү аскер кызматкерлери. Агрессиянын курмандыктарынын арасында жай тургундар жана балдар да бар.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер