Жээнбековду адаштырган Айдарбеков эми Жапаровду аңга түртпөйбү?

Жээнбековдордун эң ишенимдүү кадры Чыңгыз Айдарбеков моралдык жоопкерчиликти жыйыштырып, Садыр Жапаровго тышкы саясат боюнча кеңешчи болуп алганы таңгалдырууда. Адамдык сапат, уят, намысты аттап өткөн бир кургур тура. Сооронбай Жээнбековду адаштыргандардын бири Чыңгыз Айдарбеков болсо, эми Садыр Жапаровго келгени акылдуу болуп кетеби? Бул дипломат сөөрөй убагында контрабандалык иштерге айыпталганы ЖМКга жабырады го? Тышкы иштер министри катары да начар иштегенин, эч кандай ийгилик жарата албаганын кайда жашырасыңар? Инвестиция тартуу, эл аралык мамилелерди жакшыртуу, расмий визиттерди уюштуруу жагынан “нөл” экенин көрсөттү эй! Эрксизден баш чайкайсың. Айтор, шылуундар кайсы бийлик болбосун, самындай жылмышып кирип кете берет тура... Өргө чыгуудан үмүт өчө баштадыбы?
Aryba.kg