Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жоодар Омошев: “Экономиканы көтөрүүнүн жолу сот реформасынан башталышы керек”

Жоодар Омошев: “Экономиканы көтөрүүнүн жолу сот реформасынан башталышы керек”

12-июль, 22:53
2 956 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

JIA Бизнес-ассоциациясынын төрагасы менен маек.

-- Жоодар мырза, бүгүнкү күндө экономикалык абал оор. Жокчулук, кымбатчылык күчөп турат. Өкмөт тарабынан инвестиция тартуу, экономиканы көтөрүү багытында байкаларлык демилгелер көрүнө элек сыяктуу. Бул абалдан кантип чыгабыз?

-- Ооба, бүгүнкү экономикалык абал оңой эмес. Бирок андан чыгуунун жолу бар. Инвестиция тартуу  эң негизги маселе. Бул эки багытта жүрөт: ички жана тышкы инвестиция. Ал эми инвестиция тартуунун биринчи жана негизги шарты  бул сот тармагынын реформасы. Сот системасы таза иштебей, адилеттик камсыз болмоюнча, инвестор келбейт.

-- Бул тармакта жылыштар барбы?

-- Ооба, акыркы жылдары каракчылык, мыйзамсыз басып алуулар бир топ азайды. Бул абдан маанилүү жетишкендик. Ошондой эле коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатат, бирок бул күрөш дагы узакка созулат.

-- Өлкө ичинде ишкерликти өнүктүрүү боюнча кандай иштер жүрүүдө?

-- Орто жана чакан бизнести каржылоо багытында жакшы программа иштеп жатат. Мисалы, пайызсыз 150 миллион доллар бөлүндү. Азыр дагы Дүйнөлүк банктан 150 миллион доллар келүүдө, бул чоң мүмкүнчүлүк. Албетте, акчаны туура пайдаланыш керек.

-- Сырттан келген инвестициялар боюнча кеп уласак?

-- Негизи, ири инвестициялар сырттан келет жана алар негизинен чоң бизнеске багытталат. Учурда Кытай, Түркия жана Казакстандан ири фирмалар келе баштады. Алар логистикалык жана соода борборлорун курууну пландап жатышат. Айрыкча чек арага жакын аймактарда мындай долбоорлор ишке ашмакчы.

-- Салык жана каржы саясатына токтолсок...

-- Салык саясаты акырындап өз нугуна түшүп баратат. Акыркы маалыматтар боюнча, кирешелер үч эсе көбөйгөнү айтылды. Бул жакшы жышаан. Каржы саясаты да кадам-кадам менен жүргүзүлүшү керек. Бир заматта жасалган аракет башаламандыкка алып келиши мүмкүн.

-- Кымбатчылык жана азык-түлүк маселеси кандай чечилет деп ойлойсуз?

-- Бул жаатта агрардык саясат өтө маанилүү. Айыл чарба министрлиги жеке чарбачылыктар менен тыгыз иштеши керек. Комплекстүү прогноз жана анализдер жүргүзүлүп турса, кымбатчылыкты көзөмөлдөөгө негиздер бар. Рентабелдүү болбогон тармактарга дотация берүү зарыл. Анткени бизнес киреше түшпөгөн тармакка барбайт.

-- Сактоо, кампалар боюнча дагы бир топ кемчиликтер бар экенин айтып жатышат...

-- Туура. Биз чакан өлкөбүз, бирок тез эле кампаларды курууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бул ишти жергиликтүү башкармалыктар аркылуу да жүзөгө ашырууга болот. Айрыкча капуста, сабиз, картошка сыяктуу тез бузулуучу айыл чарба продукцияларын сактоо боюнча шарт түзүү зарыл.

-- Сиздин акыркы пикириңиз?

-- Баары кызматташтыкка жана ырааттуу реформаларга байланыштуу. Эгер мамлекет, ишкерлер жана эл өз ара иштешсе, экономиканы кыска убакытта көтөрүүгө жол ачылат. Бирок ал үчүн сот, салык жана айыл чарба тармагындагы иштер системдүү жүрүшү керек.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер