“Ата Мекенди” чанып кеткен Айсулуу Мамашова туруксуздугун далилдеди
Бишкек шаардык сотунун чечими менен Өмүрбек Текебаевди мандатынан ажыратуу күчүнө кирип, Жогорку Кеңештен кетүүгө аргасыз болду. Албетте, бул саясый негиздеги көрүнүш... Натыйжада, “Ата Мекен” фракциясынын лидерлигине Айсулуу Мамашова шайланды. Моралдык укугу бар беле? Эске салсак, бул айым “Ата Мекенди” чанып, өткөн парламенттик шайлоого “Замандаш” партиясы аркылуу аттанган. Принциби жок, туруксуз, саткындыгы ушулбу? Далилденди да. Натыйжада, “Чимкирик” парламент мыйзамсыз түрдө мөөнөтүн узартканына байланыштуу Айсулуу Мамашова депутаттык ишмердигин улантып, кечээги ойт берип кеткенин унутуп отурат. Кайсы бети менен кайрадан “Ата Мекен” фракциясын жетектейт? Жаш туруп ушунчалык пастыкка түшүп атса, эртең дагы кандай “былыктардын” ичинен чыгарын элестете бергиле...
Aryba.kg