Ат-Башыдагы логистикалык борборго жергиликтүү эл каршы бойдон калууда
Бул жаатта өкмөт башчы Абылгазиевдин аракетинен майнап чыга элек. Жергиликтүү эл менен сүйлөшүп, инвестордун тоскоолдуксуз иштешине шарт түзүлгөн жок. Азырынча Ат-Башыга курула турган логистикалык борборго ар бир айылдан каршы чыккандардын катары калыңдап, айбат көрсөтүү позициясында экенинен кабар алдык. Буга чейин өкмөттүн өкүлүн жана атбашылык аткаминерлерди, бизнесмендерди карапайым калк укпай койгон. Жыйынтыгында, көпчүлүк жаалап туруп алса, логистикалык борбор курулбай калабы? Башында эле түшүндүрүү иштерин жумшак тилде баштап, ачык-айкын сүйлөшүүлөр жүргүзүлсө не? Тилекке каршы, премьер-министр Абылгазиев ийгилик жарата албады. Ансыз да инвестициялык климат кыйрап атканда, бул көрүнүш “өлгөндүн үстүнө көмгөндөй” эле болот го?.. Айтмакчы, тоолук жергиликтүү патриотторго коркутуулар болуп атканы ыраспы? Аягы чоң саясатка айланып кетпейби?..
Aryba.kg