Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ректор Чыныбаев менен проректор Элеманова президенттин атын кантип булгашты?

Ректор Чыныбаев менен проректор Элеманова президенттин атын кантип булгашты?

12-октябрь, 22:52
1 957 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Быйыл 2024-жылы даңазалуу Фрунзедеги политехникалык институтунун (ФПИ) түзүлгөндүгүнө 70 жыл толуп, шаан-шөкөт менен майрамдалды. Чындыгында ФПИ убагында бүткүл Советтер союзундагы техникалык окуу жайларынын ичинде инженер кадрларды даярдоо боюнча алдыңкы орундарды ээлеп, мамлекеттик сыйлыктарга, өтмө кызыл тууларга арзыган окуу жайы болгон. Анын бүтүрүүчүлөрү өздөрүн «Биз «политехниктербиз» деп сыймыктануу менен аташчу эле. Жогоруда айтылган салтанатта И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (КМТУ) ФПИнин мураскору болуп саналары айтылды. 

Окуу жайдын аброю аны жетектеген адамдарга байланыштуу эмеспи, убагында «политехти» жетектеген инсандар даана чынчыл, адилет жана жаш муундарды илим-билимге, мекенчилдикке тарбиялашкан. ФПИ ошондой абройго татыса керек. Ал эми бүгүн кандай? Ошол сыймыкка татыктуубу? Төмөндө сөз бүгүн даярдалып жаткан кадрлардын билим деңгээли тууралуу.

Башканы айтпаганда да, президенттик стипендияга, кызыл дипломдорго кандай студенттер «татыктуу» экенин белгилесек эле жетиштүү болчудай. Университеттин тоо-кен металлургия институтунда Маркшейдер иши жана геомаалымат системалар технологиясы адистигинин 5-курсунда окуган Умаров Арсен Талантбекович аттуу студент сабактарга катышпай, сессия убагында жалаң «канааттандырарлык эмес» деген бааларды алып жүрүп, бир күнү эле «мыкты» деген бааларга ээ болуп калганы кандай? Көрсө, А.Т.Умаров ошол институттун директорунун орун басары Т.С.Умаровдун уулу экен. Мындай тирукмушту электрондук ведомостко (АVN) кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар кызматкер К.О.Жусупжанова будамайлаганбы? Бул фактыны логирлөө аркылуу текшерип койсо болот. Ошентип “карызкор” А.Т.Умаров университетти “кызыл” диплом менен аяктаган. КМТУнун АVN системасын ачып-жаап иштетүү “Студенттерди тейлөө борборунун” директору Э.И.Сырымбекованын көрсөтмөсү аркылуубу? 2022-жылы окуудагы жетишкендиктери боюнча президенттик стипендияны Г-1-16 тайпасынын студенти Корнева Екатерина алууга тийиш эле, бирок анын ордуна сабактарга катышпаган, татыксыз эле Манапбаев Дастан дегенге ыйгарышкан. Е.Корнева университеттин жетекчилигине чейин кайрылып, акыйкаттык таба алган эмес. 2023-жылы президенттик стипендияны НГД-1-19 тайпасынын студенти Дастанбекова Айданага ыйгарышкан. Бул кыз биринчи курстан баштап окуу-геологиялык практика боюнча тапшыра албай, “карызы” көбөйүп кетет. Ошол “карыздары” менен А.Дастанбекованы президенттик стипендияга көрсөтүшкөнү кандай? Бул тууралуу ректор М.К.Чыныбаевдин өзүнө “жооп берип каласыңар” деп айтылган. Бирок ректор тарабынан эч кандай реакция болгон эмес. Практикага барбаган президенттик стипедиянын “ээсинен” мугалим практиканын программасын толук аткарууну талап кылганда, анын сабагын башка мугалимге которушуп, кийин мамлекеттик сынактын алдында “мыкты” деген баа койдуруп тынышкан. 

2023-жылдын декабрь айында Садыр Жапаров кезектеги президенттик стипендияны татыктуу делген студенттерге өз колу менен тапшырган. Сыйлангандардын арасында “Азык-түлүк продукциясын стандартташтыруу жана сертификациялоо” багытынын ССП (б)-1-20 тайпасынын студенти Айбекова Адэлия Айбековнанын ысымы да бар. Бул студент И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ошол кездеги академиялык иштер боюнча проректору Элеманова Римма Шүкүровнанын карачечекей кызы. Президенттик стипендияга талапкерлерди аныктоо комиссиясында окуу иштери боюнча проректор Р.Ш.Элеманова да бар. Дастанбекова Айдана сыяктуу татыксыз талапкерлер боюнча ректорго бир нече жолу кайрылуулар түшкөн, бирок андан натыйжа чыккан эмес.

“Бул университетте башканы айтпаганда да Кыргыз Республикасынын президентинин атынан берилип жаткан стипендияга ушунчалык көз будамайлык мамиле кылып жатышса, башка иштери эмне болуп жатты экен?” деген суроо туулат. Натыйжада, тикелей эле президенттин атын булгагандык эмеспи? Садыр Жапаров аталган окуу жайга өзгөчө макам ыйгарып, мамлекетти өнүктүрүү үчүн келечектеги инженердик кадрларды даярдоо тапшырмасын берсе, аны жетектеген ректор Чыныбаевдин жоругун кандай баалайбыз? 

Урматтуу окурман, бул окуу жайды студенттерге билим берүү менен эмес, өз жакындарын, тааныш-билиштерди же кызыкчылыктар үчүн татыксыз студенттерди ыгы бар-жогуна карабай асмандата көтөрмөлөп, ал эми өз аракети менен билим алгандарды кодулап, басмырлап, арызы менен кайрылса карабай, акыйкаттыктан тайгандар жетектейт экен (!) деген ойго келдик.  


P.S. КМТУнун коллективи тарабынан тийешелүү ведомост, материалдар келип түштү.  
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер