Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айнура Акматова: “Окуучулар арасында коронавирус жугузуп алгандар көбөйдү”

Айнура Акматова: “Окуучулар арасында коронавирус жугузуп алгандар көбөйдү”

08-декабрь, 13:41
958 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда окуучулар арасында коронавирус жуктургандардын саны өстү. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Быйыл сентябрь айында 7-17 жашка чейинки балдардын арасында 48 учур катталган. Октябрь айында 315 учур катталып, 6,5 эсеге көбөйдү. Ал эми 1-декабрга карата 320 учур катталды.

Айнура Акматованын айтымында, окуучулар арасында вирус жуктургандардын өсүүсү алардын мектепке баруусу менен байланыштуу эмес. Бардык катталган учурлар үй шартындагы абалга байланыштуу болгон.

Кыргызстанда 8-декабрга карата коронавирус менен катталгандардын жалпы саны 75 миң 690го жетти. Каза тапкандардын жалпы саны 1301, айыккандар 67 миң 873тү түзүүдө.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер