Акыркы кабарлар
» Саясат » Аял сабаган, алдамчылыкка шектелген Нургазиевге Бишкек мэрлиги буюрган жок
Аял сабаган, алдамчылыкка шектелген Нургазиевге Бишкек мэрлиги буюрган жок
11-февраль, 10:50
2 093 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин ордуна Эрмек Нургазиевдин келмегинен кетмеги бат болду. Бул жигит “Кыргызстан” партиясы аркылуу өткөн парламенттик шайлоого катышып, шымы жаман жеринен айрылгандай эле уятка калган. Бир катар алдамчылыкка шектелгени, бейбаштык кылып, аялды урганы менен атагы чыкканына коомчулук күбө. Элге жакшылык кылгандын ордуна шорлотконбу? Айтор, кызуу кандуу, чырга жакын экенин көрсөткөн. Аткаруу кызматында тажрыйбасы жок Нургазиев амбициясын баса албай, Бишкек мэрлигине талпынып, кепке кемтигин көрсөттү. Эрксизден баш чайкайсың. Жогорку төбөлдөр даражалуу кызматтарга өткөн чагын текшерүү менен “добросун” беришпейби?
"Азия Ньюс" гезити