Адылбек Касымалиев жогорку кызматтын кутун учурдубу?


Өкмөт башчы кезинде Акылбек Жапаровдун кабылдамасында тартип, ырааттуулук бар эле. Министр, депутаттар келишсе, кезекке турушуп, этиканы сактоо менен айбыгуунун сезилгенин байкачубуз. Ал эми азыр ал жерде эмне болуп атат? Ушул өңүттөн бир топ соболдорду тыңдап көрөлү.
Таңгаласың. Ушул кызматка Адылбек Касымалиевди койгондон бери алактап, дайынын таппагандай образ жаратканы кандай? Мурдагыдай ырааттуулук сакталбай, министрлер, депутаттар чаржайыт жүрүшкөнүн кандайча түшүнөбүз? Тоготпогондой маанай жаралып калганын кирип-чыккандар айтып, күлүп жүрүшөт. Адылбек Касымалиевдин мүнөзү жумшак, жалтак болуп атса, кол астындагылары билгениндей калчаганы ушулбу? Ооба, президенттен кийинки башкаруучунун абалы тар чөйрөдө талкуу жаратууда. Мындай шартта экономиканы көтөрүү, инвестиция тартуу, өндүрүштү өнүктүрүү сыяктуу олутуу иштер кантип жүрөт? “Министрлер кабинетинин төрагасы” деген аты эле бар экен, заты жарашпай атпайбы! Адылбек Касымалиев мамлекеттин жүгүн татыктуу түрдө тартып кете албасын билгенден кийин сылык түрдө гана кызматын тапшырып кетип калса жарашабы? Элдин шоруна калбаш керек да.
Кызыгы, премьер-министрдин кабылдамасына баргандарга караганда президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевди сагалагандар, аны менен сүйлөшүүгө кызыкдар чиновниктер арбын экен. “Топурап эле ошол жакта жүрүшөт” дешүүдө.
Кыргызда “ооматы кетип калды” деген сөз бар. Анын сыңарындай, өкмөттө эч бир жагымдуулук, алдыга өсүү деле байкалбай калды го? Сыягы, жаңы башбакан дайындаларына деле аз калды окшойт. Азырынча Өмүрбек Бабанов, Каныбек Туманбаев, Алмамбет Шыкмаматов ж.б. адамдардын аттары аталууда. Кимиси келбесин, иштин көзүн билген, экономиканы өргө тарткан, чынчыл, ырааттуулукту сактай турган жагына басым жасалышы керек.
"Азия Ньюс" гезити











