Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстандагы кышкы туризмди өнүктүрүүгө кандай сунуш, ой-пикир айтат элеңиз?

Кыргызстандагы кышкы туризмди өнүктүрүүгө кандай сунуш, ой-пикир айтат элеңиз?

28-ноябрь, 09:00
466 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жамалбек Ырсалиев, Бишкек жылуулук энерго коммуналдык ишканасынын директору:

-- Кыргызстан туристтер агылып келе турган өлкө. Бизде болгону тейлөө жагы абдан начар. Кайсы жерибизге барбайлы, ажаткана маселеси чечилбей келет. Бир жолу келген туристтердин эптеп акчасын алып калалы деген түшүнүк калыптанып калган. Ошол бир келген турист аркасынан жүздөгөн туристтерди тартып келгендей шарт түзсөк сонун болмок. Анан тоо туризмин өнүктүрсөк. Мисалы, мен Нарындан болом. Биз тараптан Соң-Көлгө чыга турган Жон-Булак деген жерге лыжа базасын курса керемет болмок. Нары ашса Кыргоо, бери жагы Мейки менен Бак-Четин, Тешик деген керемет жерлер бар. Ошондой жерлерге туристтерге шарт түзүп берсек акчанын алдында калат элек…

Расул Умбеталиев: 

-- Кышкы туризмге Кыргызстанда өтө чоң маани бериш керек жана аны өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурушу зарыл. Бизде Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстанга караганда, бийик тоолор жана түбөлүк мөңгүлөр бар. Тоо лыжа туризмин, кышкы оюндардын түрүн жана альпинизмди өнүктүрсөк болмок.  Биз Кыргызстанды экинчи Куршавель кылышыбыз керек. Акыркы мезгилде зоо, аскаларга шейх жана өкмөт башчылардын атын коюп жатабыз. Ошолор кышкы туризмге, альпинизмге, спортко инвестиция салышса жакшы болмок. Министрлер кабинети да ички инвесторлорго ыңгайлуу шарт түзүп бергенге милдеттүү. Анткени, кышкы тоо туризми жөнөкөй жарандарга арзан жана мүмкүнчүлүгү жеткидей болушу керек. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер