Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Камак азабы: Асылбек Жээнбековго жасалган сылык мамиле Канатбек Исаевди кыйгап өткөндө

Камак азабы: Асылбек Жээнбековго жасалган сылык мамиле Канатбек Исаевди кыйгап өткөндө

27-ноябрь, 23:48
967 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Экс-спикер Асылбек Жээнбеков камалганда көргөнбүз: коштогон орган кызматкерлери сылык мамиле жасашып, атургай эшигин да ачып беришип, колуна кишен салышпай, башкача урмат-сый көрсөтүшкөн. Түрмөдө эмес, курортто жаткандай элес калтырган эй! Мындай көрүнүш былтыр эле болгон... Ал эми Канатбек Исаевге коркунучтуу кылмышкердей мамиле жасашты, эки опер бекем колтукташып, дегдеңдетип алышкандары кандай? Асылбек Жээнбековдон эмне айырмасы барКанатбек Исаев да парламент төрагасы катары иштеп, бир канча ирет депутат, фракция, коалиция лидерлигин да жетектеген. Мэр, губернатор болгон. Кыскасы, мамлекеттик деңгээлдеги бараандуу ишмер, чоң саясатчы. Ал өзү козголгон кылмыш ишин тааныбай турганын, төңкөрүш, башаламандык кылуу чындыкка жатпай турганын айтууда. Саясый куугунтук катары баалап атат. Кыскасы, эмне үчүн Асылбек Жээнбековго жасалган сылык мамиле Канатбек Исаевди кыйгап өттү? Башкасын жандыргыча, азырынча ушул суроого баш катыра тургула. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер