Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нарында кыздын калыңы доллар менен берилип баштады

Нарында кыздын калыңы доллар менен берилип баштады

24-октябрь, 14:14
1 101 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дүйнөдөгү пандемия Кыргызстандагы аш-тойлорду ооздуктай алган жок. Мамлекет тарабынан чектөөлөр коюлса дагы учурда Нарында аш-тойлор күн сайын өтүп жатат. Кай бири кыз узатып, келин алып, той өткөрсө, айрымдары жөрөлгөлөрдү (куран окутуу) жасашат. Учурда Нарын облусунда кызга берилүүчү калың канча болуп жатканын аймактык кабарчы билүүгө аракет жасады.

«Калың — үйлөнүү үлпөтүндө берилүүчү ырым. Шарт боюнча кудалашууда бычылган калың толугу менен же жарым-жартылай төлөнгөн. Калың берилип бүткөндөн кийин гана үйлөнүү тоюна кам көрүлө баштаган. Калың төлөө кыргыздын салттуу турмушунда үй-бүлөнүн эмес, уруунун (бир туугандардын) жалпы иши болгон. Аны тууган-урук чогуу көтөргөн. Калың кыздын атасына гана эмес, атасынан тараган жалпы уругуна төлөнгөн. Кийинчерээк мындай көрүнүш өзгөрүүлөргө дуушар болуп, үй-бүлөнүн өз иши болуп калды», - деди Кочкор районунун тургуну Жумадыл Асеков.

Келин алган тарап кудага кыздын калыңын, ачуу басарга кой жана бир кыл куйрук алып барышат. Нарында социалдык абалга жараша 70 миң сомдон 3 миң долларга чейин калың берилери айтылууда.

«Кыз алган тарап жашоо-шартына карап калың алып барышат. Жакшы турган үй-бүлө болсо 3 миң доллар калың алып барышууда. Бул сумманын ичинде кыл куйрук, жеңкетай бар. Жакында агамдын кызын Бишкек шаарына күйөөгө узаттык. Куда тарап «мал кармабайбыз, баардыгы ушунун ичинде» деп 3 миң доллар алып келишти. Дагы бир таанышыбыз уулун үйлөнтүп, Ат-Башыдан кыз алып келдик. Алар 1 миң доллар жана кыл куйрук алып барышты. Айрымдары калыңды сом менен эмес, доллар менен алып барып жатышат», - деди Кочкор районунун тургуну Жылдыз Таалайбекова.

Анын айтымында, мындан 10 жыл мурун кыз алган тарап эне сүтүнө деп ургаачы бодо мал беришчү. Азыр эне сүтүнө деп алтын берип жатышат. Колунда бар байлар бриллиант берип баштады.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер